С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырык 10-сессиясы
2014-жылдын 16-апрели № 10-3
С. Юсупова айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы калк жашаган жерлерге жана таштандыларды таштоого мγмкγн болбогон жерлерге таштандыларды таштаган жарандарга административдик чара колдонуу жѳнγндѳ
Кγн тартибиндеги маселе боюнча айыл Ѳкмѳтγнγн башчысы Ш. Файзуллаевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы калк жашаган жерлерге жана таштандыларды таштоого мγмкγн болбогон жерлерге таштандыларды таштаган жарандарга административдик чара колдонуу боюнча айыл ѳкмѳтγнγн башчысы Ш. Файзуллаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Калк жашаган жерлерге жана таштандыларды таштоого мγмкγн болбогон жерлерге таштандыларды таштоо фактылары аныкталган учурларда таштандыларды таштаган жарандарга карата Кыргыз Республикасынын Администрациялык Жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 489-беренесинин негизиде административдик чаралар колдонуу γчγн айыл ѳкмѳтγ тарабынан укук коргоо органдарына жазуу иретинде кайрылуулар жѳнѳтγлγшγ колго алынсын.
3. С. Юсупова айыл ѳкмѳтγ тѳмѳнкγ иш чараларды аткарууну камсыз кылсын.
- Турмуш тиричилик таштандыларын таштоо жайларына жана жолдорго таштандыларды таштоо боюнча белгилерди орнотууну;
- Элди мобилизациялоо жолу менен таштандыларты тазалоону уюштурууну;
Таштандылар таштоочу жайларды иретке келтирγγгѳ кѳзѳмѳл жγргγзγγчγ жоопкер адамдарды дайындоону;
4. 2014-жылдын акырындагы айылдык кеңештин сессиясында “Араван Тазалык” коммуналдык ишканасынын 2014-жыл ичинде аткарыган иштери жѳнγндѳ отчету угулсун.
5. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу айылдык кеңешинин социалдык-маданий жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясны жγктѳлсγн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Т.Мамасаидов |