Редакцияот 16.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

С.Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырык 10-сессиясы

2014-жылдын 16-апрели № 10-4

С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагында мѳнѳѳттγ аскерге чакырууга даярдык кѳрγγ жѳнγндѳ

Кγн тартибиндеги маселе боюнча айыл Ѳкмѳтγнγн аскердик каттоо столунун инспектору Сайера Таштемированын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагында мѳнѳѳттγ аскерге чакырууга даярдык кѳрγγ жѳнγндѳ айыл Ѳкмѳтγнγн аскердик каттоо столунун инспектору Сайера Таштемированын маалыматы эске алынсын.

2. 2014-жылдын жайкы, кγзγ аскерге чакырууну жогорку денгээлде уюштуруп, Араван райондук аскердик комиссариатынын кѳрсѳтмѳлѳрγнγн негизинде иш жγргγзγγ менен айыл ѳкмѳтγнγн аймагында жашаган мѳѳнѳттγ аскерге чакырылуучулардын тизмелерин тактоо, аскерге чакыруу мезгилинде аларды ѳз убагында келуусун камсыз кылуу жана алардын документтерин даярдоо айыл ѳкмѳтγнγн аскердик каттоо столуна тапшырылсын.

3. С. Юсупова айыл ѳкмѳтγнѳ ѳзγнγн бюджетинин эсебинен аскерге чакыруу иштерин уюштуруу жана ѳткѳрγγ γчγн зарыл болгон каражаттарды табуу жγктѳлсγн.

4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу айылдык кеңешинин социалдык-маданий жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясны жγктѳлсγн.

 

С.Юсупова айылдык

кеңешинин тѳрагасы:

А. Келдибеков