Редакцияот 16.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

С.Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырык 10-сессиясы

2014-жылдын 16-апрели № 10-5

С. Юсупова айыл ѳкмѳтγнγн Араван айылынын Токтогул кѳчѳсγнγн №45-γйγнγн тургуну Мамажанов Рахманали Ахмеджановичтин арызын кароо жѳнγндѳ

Араван айылынын Токтогул кѳчѳсγнγн №45-γйγнγн тургуну Мамажанов Рахманали Ахмеджановичтин Араван айылынын Токтогул кѳчѳсγндѳ жайгашкан жеке менчик пахтаны кайра иштѳѳчγ кичи цехин бузуп, курулуштук багытын ѳзгѳртγп турак γй курууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери γйрѳнγп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин 49-беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Араван айылынын Токтогул кѳчѳсγнγн №45-γйγнγн тургуну Мамажанов Рахманали Ахмеджановичтин Араван айылынын Токтогул кѳчѳсγндѳгγ жеке менчик 400 м2 жер аянтында жайгашкан пахтаны кайра иштѳѳчγ кичи цехин бузуп, курулуштук багытын ѳзгѳртγп турак γй курууга макулдук берилсин.

2. Мамажанов Рахманали Ахмеджановичтин жеке менчик пахтаны кайра иштѳѳчγ кичи цехин бузуп, курулуштук багытын ѳзгѳртγп турак γй куруу маселеси С.Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берγγнγн тартиби жана шарттарын жѳнгѳ салуу боюнча тγзγлгѳн комиссиянын кароосунда каралып, айыл ѳкмѳтγ тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда менчик ээсине мыйзамдаштырып берγγ жагы сунушталсын.

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу кѳмиссиясына жγктѳлсγн.

 

С.Юсупова айылдык

кеңешинин тѳрагасы:

 

М.Т.Мамасаидов