С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырык 10-сессиясы
2014-жылдын 16-апрели № 10-7
Араван айылынын Тынчтык кѳчѳсγнγн тургуну Кадыров Шавкат Кабилжановичтин арызы жѳнγндѳ
Араван айылынын Тынчтык кѳчѳсγнγн тургуну Кадыров Шавкат Кабилжановичтин Араван айылынын Ленин кѳчѳсγндѳ жайгашкан жеке менчик жеке менчик мурдагы “Союзпечат” имаратын бузуп, чайхана жана соода тγйγндѳрγн курууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери γйрѳнγп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин 49-беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван айылынын Тынчтык кѳчѳсγнγн тургуну Кадыров Шавкат Кабилжановичтин Араван айылынын Ленин кѳчѳсγндѳгγ жеке менчик 219,45 м2 жер аянтында жайгашкан мурдагы “Союзпечат” имаратын бузуп, курулуштук багытын ѳзгѳртγп чайхана жана соода тγйγндѳрγн курууга макулдук берилсин.
2. Кадыров Шавкат Кабилжановичтин жеке менчик мурдагы “Союзпечат” имаратын бузуп, курулуштук багытын ѳзгѳртγп чайхана жана соода тγйγндѳрγн куруу маселеси С.Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берγγнγн тартиби жана шарттарын жѳнгѳ салуу боюнча тγзγлгѳн комиссиянын кароосунда каралып, айыл ѳкмѳтγ тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда менчик ээсине мыйзамдаштырып берγγ жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу кѳмиссиясына жγктѳлсγн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Т.Мамасаидов |