Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-июну № 11-2
С. Юсупова айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы аталышка ээ эмес болгон кѳчѳлѳргѳ жаңы наамдарды ыйгаруу жѳнγндѳ
Кγн тартибиндеги маселе боюнча айыл Ѳкмѳтγнγн башчысы Ш. Файзуллаевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 07.05.2014-жылдагы №147-б буйругун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
7. С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн аймагындагы аталышка ээ эмес болгон кѳчѳлѳргѳ жаңы наамдарды ыйгаруу боюнча айыл ѳкмѳтγнγн башчысы Ш. Файзуллаевдин маалыматы эске алынсын.
8. С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн аймагындагы айылдар боюнча аталышка ээ эмес болгон кѳчѳлѳргѳ тѳмѳнкγдѳй жаңы наамдар ыйгарылсын:
1. Октябрь айылы боюнча.
Октябрь айылындагы жаңы конуштардагы 3 (γч) кѳчѳнγн биринчисине Торт-Таш, экинчисине Эрке-Кашка, γчγнчγсγнѳ Кызыл-Аяк наамдары.
2. Араван айылы боюнча.
Араван айылындагы Б. Айдаров кѳчѳсγндѳгγ жаңы конуштардагы 5 (беш) кѳчѳ бири-бирине жанаша жайгашкандыктан бардыгына Кызыл-Дѳбѳ наамы, Токтогул кѳчѳсγндѳгγ жаңы конуштардагы кѳчѳгѳ Нооруз наамы, Х. Абдуллаев кѳчѳсγндѳгγ жаңы конуштар Х. Абдуллаев кѳчѳсγнγн уландысы болгондуктан Х. Абдуллаев наамы.
3. Каррак айылы боюнча.
Каррак айылындагы жаңы конуштардагы кѳчѳгѳ Сарай наамы жана Ленин кѳчѳсγндѳгγ жаңы конуштар Ленин кѳчѳсγнγн уландысы болгондуктан Ленин наамы.
4. Суткор айылы боюнча.
Суткор айылында кѳчѳгѳ Суткор наамы.
5. Эрке-Кашка айылы боюнча.
Эрке-Кашка айылында кѳчѳгѳ Ынтымак наамы.
9. Мындан ары жогорудагы аталышка эмес кѳчѳлѳр жаңы ыйгарылган наамдар менен аталышы белгиленсин.
10. С. Юсупова айыл ѳкмѳтγ кѳчѳлѳргѳ жаңы наамдар ыйгарылгандыгына байланыштуу, аталган кѳчѳлѳрдγн чек араларын тактоо, айыл ѳкмѳтγнγн чарба китебине жана укуктук ченемдик актыларына ѳзгѳртγγлѳрдγ киритγγгѳ милдеттендирилсин.
11. Жаңы наамдар ыйгарылган кѳчѳлѳргѳ аталыштарын билдирип тγрγγчγ пано, лозунгдарды даярдоо, кѳчѳлѳргѳ орноштуруу иштерин уюштуруу ушул маалалардын маала комитеттери жана маала активдери тарабынан жγргγзγлсγн.
12. С. Юсупова айыл ѳкмѳтγ жаңы аталыштагы кѳчѳлѳр боюнча тийиштγγ мамлекеттик ишкана-мекемелерге маалыматтар берсин.
13. Буйруктун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
С.Юсупова айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Т.Мамасаидов |