Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-июну № 11-5
С. Юсупова айыл ѳкмѳтγнγн Араван айылынын Х. Абдулла кѳчѳсγнγн №10-γйγнγн тургуну Мирахмедов Рустамбек Шукуровичтин арызы жѳнγндѳ
С. Юсупова айыл ѳкмѳтγнγн Араван айылынын Х. Абдулла кѳчѳсγнγн №10-γйγнγн тургуну Мирахмедов Рустамбек Шукуровичтин аталган даректе жайгашкан менчик турак γйγнѳ коомдук тамактануучу ашкана курууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери γйрѳнγп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин 49-беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл ѳкмѳтγнγн Араван айылынын Х. Абдулла кѳчѳсγнγн №10-γйγнγн тургуну Мирахмедов Рустамбек Шукуровичтин аталган даректе жайгашкан менчик турак γйγнѳ коомдук тамактануучу ашкана курууга макулдук берилсин.
2. Мирахмедов Рустамбек Шукуровичтин жеке менчик турак γйγнѳ коомдук тамактануучу ашкана куруу маселеси С.Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берγγнγн тартиби жана шарттарын жѳнгѳ салуу боюнча тγзγлгѳн комиссиянын кароосунда каралып, айыл ѳкмѳтγ тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда мыйзамдаштыруу жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу кѳмиссиясына жγктѳлсγн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Т.Мамасаидов |