Редакцияот 14.06.13
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

С.Юсупова айылдык кеңешинин 4- чакырык 4-сессиясы

2013-жылдын 14-июну № 4-11

“Зилал-Суу” жамаатынын атынан Таза ичимдик сууну туура эмес пайдаланган абоненттерге айылдык Кеңешинин чечими менен жарыйма салуу жѳнγндѳ

ИСКАКБнын “Зилал-Суу” жамаатынын атынан Таза ичимдик сууну туура эмес пайдаланган абоненттерге жарыйма салуу жѳнγндѳгγ сураныч катын угуп жана талкуулар С.Юсупова айылдык Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. ИСКАКБнын “Зилал-Суу” жамаатынын атынан Таза ичимдик сууну туура эмес пайдаланган абоненттерге тѳмѳндѳгγдѳй жарыйма салынсын:

1.    Матор койгон абоненттерге – 3000 сом.

2.    Таза суудан тамаркасын сугаруу γчγн пайдалангандарга -2000 сом.

3.    Уруксатсыз γйγнѳ таза  суу алып киргендерге- 5000 сом

4.    Суу тутуктѳрγ жокторго – 1000 сом.

5.    Бир жылдык келишимдеги суу акысын ѳз убагында тѳлѳбѳгѳн абоненттерге- келишимдеги акчанын  30% ти.

6.    Ѳз арызы негизинде  короосуна суу алып киргендерге-3000 сом.

7.    Короосундагы суу линиясын капиталдык ремонту γчγн -1500 сом.

2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык Кеңештин социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жγктѳлсγн.

 

С.Юсупова айылдык

кеңешинин тѳрагасы:

 

Мамасаидов М.Т.