Загрузка документа…
| Чолпон-Ата шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын №28/12-7 токтому менен бекитилди. 2014-жылдын 26-июну |
1.Жалпы жоболор.
2. Мэриянын ыйгарым укуктары жана милдеттери.
3.Мэриянын иш аракеттеринин принциптери.
4.Мэрия менен мамлекеттик бийликтин өз ара мамилелери.
5.Жергиликтүү маанидеги маселелер.
6.Жеригиликтүү маанидеги маселелерди өткөрүп берүү тартиби.
7.Мэр,шаардын мэриясы.
8.Шаардын мэрин кызмат ордуна шайлоонун, ага киришүүнүн
жана андан бошотуунун тартиби
9.Шаардын мэринин ыйгарым укуктары
10. Шаардын вице мэри.
11.Талаш маселелеринин чечилиши жана жоопкерчилиги.
12.Мэриянын каржы-экономикалык негиздери.
13.Эл аралык жана сырткы экономикалык байланыш.
14.Чолпон-Ата шаардык мэриясынын Жобосун кабыл алуу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби.
1. Чолпон-Ата шаардык мэриясынын Жобосу (мындан кийин Жобо)- мэриянын укуктук уюштуруу, экономикалык, мүлктүк, каражаттардын негиздерин түзүп, эл аралык уюмдар жана мамлекеттик ишканалар, мекемелер, коомдук бирикмелер жана жергиликтүү жамааттар менен ич ара байланыштарын камтыйт.
2.Жобо Чолпон-Ата шаарынын баардык аймагында колдонулат.
3.Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамды жетекчиликке алып, иштелип чыккан. Мыйзамдар менен Жободо карама-каршылыктар болсо, анда Жобого өзгөртүүлөр жана кошумчалар киргизилгенге чейин кабыл алынган Жобо юридикалык жактан маанилүү болуп эсептелет жана колдонулат.
4. Чолпон-Ата шаардык мэриясы өз символдорун -гербин, туусун жана гимнин кабыл ала алат.
5.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий аталышы:
- кыргыз тилинде- « Чолпон-Ата шаардык мэриясы»;
- орус тилинде – «Мэрия города Чолпон-Ата».
6.Чолпон-Ата шаардык мэриясы өз ыйгарым укуктарынын чектеринде жергиликтүү коомдоштуктун жашоосун камсыз кылуу жана турмуш-тиричиликтин иштерин башкарууну жүзөөгө ашыруучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органы.
7.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун түзүмүндөгү укуктук –уюштуруучулук формасы- мекеме.
Дареги: Ысык-Көл району, Чолпон-Ата шаары, Совет көчөсү №75.
8.Менчиктин түрү- муниципалдык.
9.Өз алдынча бухгалтердик балансы, эсептөө бөлүмү, мөөрү жана Кыргыз Республикасынын банктарда эсеби бар, өзүнүнү атынан келишимдерди түзгөнгө, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алууга укуктуу,берилген ыйгарым укуктарына ылайык соттордо доогер жана жоопкер боло алган юридикалык жак болуп эсептелет.
10.Мэриянын аймактык чек аралары Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары менен аныкталат. Коомдук өз алдынча башкаруу жана башка түзүлүштөгү калктын өз алдынча уюмдарынын чек арасы шаардык кенештин чечими менен аныкталат.
1. Шаардын мэриясы:
1) шаардын тиричилик жактан камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, шаардыктарга социалдык жана маданий тейлөө кызматтарын көрсөтүүнү уюштурат;
2) шаардын бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана аны шаардык кеңеш бекиткенден кийин аткарат;
3) шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн, калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана шаардык кеңеш бекиткенден кийин алардын аткарылышын камсыз кылат;
4) шаарды өнүктүрүү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат;
5) тарыхтын, архитектуранын жана маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
6) шаардын жерлерин жана муниципалдык менчиктин объекттерин акыл-эстүү пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана аларды шаардык кеңеш бекиткенден кийин жүзөгө ашырат;
7) ишканаларды менчиктештирүүгө жана тиешелүү социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык маанидеги объекттердин тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча ошондой эле алардын иштешине зарыл жабдуу-шайманды баланска кабыл алууга катышат;
8) турак жай фондун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана шаарды абат кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
9) шаарда курулуш куруунун башкы планын иштеп чыгып, жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык архитектура жана шаар куруу ченемдери менен эрежелеринин сакталышына контролду ишке ашырат;
10) жаратылыш кырсыктарынын, өзгөчө кырдаалдардын, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-практикалык иш-чараларды жүзөгө ашырат;
11.Мэрия шаардык Кенештин кенешмесин чакыруу жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу.
12.Мэрия бузулган же талашылган укуктарды , же жергиликтүү коомдоштуктун мыйзамдуу таламдарын коргоо үчүн мыйзамда белгиленген тартипте сотко кайрылууга жана өзүнүн атынан өкүлдөрүнө ишеним кат берүүгө укуктуу.
13.Мэриянын ыйгарым укуктарынын чектеринде чыгарылган актылар кандайдыр мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүгө зарыл эмес жана тиешелүү аймактарда милдетүү түрдө аткарылышы керек
14 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
1 Мэриянын иш аракети төмөнкү принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат:
1)мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын ажырымдоонун;
2)жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдында ачыктыгы жана жоопкерчиликтүүлүгү жана алардын өз иш-милдеттерин жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышы;
3)мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;
4)өзүн-өзү камсыз кылуу, өзүн-өзү жөнгө салуу жана өзүн-өзү каржылоо;
5)жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары, чогулуштары жана курултайлары аркылуу эрктерин билдирүү;
6)жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана мыйзамда корголгон кызыкчылыктарын коргоо;
7)коомдук ой-пикирдин ачыктыгы жана эсепке алынышы;
8)тиешелүү маселелерди чечүүдө коллегиялуулук, эркин талкуулоодо;
1.Мамлекеттик бийлик органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун калыптанышы жана өнүгүшү үчүн зарыл болгон укуктук, уюштуруучулук, материалдык-каржылык шарттарды түзөт жана калкка жергиликтүү өз алдынча башкаруу укугун жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтөт.
2.Жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарына тикелей тиешелүү маселелер боюнча чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда мамлекеттик бийлик органдары, мыйзамда белгиленген тартипте жамааттар жана алардын ассоциациялары менен биргеликте консультацияларды өткөрөт, кварталдык комитеттер жана коомдук уюмдар (аксакалдар кеңеши,аялдар кеңеши, аксакалдар соту, жаштар иштери) менен биргеликте иштерди алып барат.
3.Жергилүктүү жамааттардын кызыкчылыктарына тикелей тиешелүү маселелер боюнча мамлекеттик бийлик органдарына жиберилүүчү кайрылуулары аларда коюлган маселелердин манызы боюнча милдеттүү түрдө каралууга тийиш.
4.Мамлекеттик бийлик органдары мэриянын иштеринин мыйзамдуулугуна ченемдик укуктук актыларда белгиленген көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат.
[1].Аймактын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык пландаштырууну уюштуруу менен калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу үчүн мэриянын карамагына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун төмөнкү маселелери таандык кылынат.
1)тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу;
2)муниципалдык менчикти башкаруу;
3)жергиликтүү бюджетти түзүү;
4)калкты ичүүчү суу менен жабдуу;
5)калктуу конуштарда канализация жана тазалоочу курулмалардын
тутумунун ишин камсыз кылуу;
6)калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу.
7)жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу;
8)көрүстөндөрдүн иштешин камсыз :кылууда жана ырасым-жырым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;
9)жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;
10)парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу;
11) турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу;
12) муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу;
13)жергиликтүү маанидеги маданий жана тарыхый жетишкендиктерди сактоо;
14)жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
15)жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу;
16)тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнамаларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу;
17)коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү;
18)элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
19)бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
20)балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу;
21)дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
22)өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү;
1 Мэрия жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди аткарууну берилип жаткан жергиликтүү маанидеги маселелердин аткарылышынын каражаттарын же каржылоо булактарын бир убакта аныктоо жана өткөрүп берүү менен юридикалык жана жеке жактарга өткөрүп берүүгө укуктуу.
2. Мэрия тарабынан жергиликтүү маанидеги айрым маселелердин аткарылышын өткөрүп берүү бюджеттик каражаттарды кыйла натыйжалуу пайдалануу үчүн максатка ылайык учурларда жүргүзүлөт.
3 Жергиликтүү маанидеги айрым маселелердин аткарылышын өткөрүп берүү жөнүндө чечим жергиликтүү кенештин макулдугу менен мэрия тарабынан кабыл алынат.
1. Шаарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы мэр башында турган мэрия болуп эсептелет.
2. Мэриянын курамына түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөр кире алат.
3.Мэрия өзүнүн ишинде- шаардык кенешке, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга отчет берип турат.
4.Мэрия анын компетенциясына кирген тиешелүү маселелер боюнча чечим кабыл алат.
5.Компетенциясына таандык маселелер боюнча мэрия кабыл алуучу чечимдерге мэр тарабынан кол коюлат.
6.Ыйгарым укуктарынын чегинде чыгарылган мэриянын актылары тиешелүү аймакта аткаруу үчүн милдеттүү болот.
7. Чолпон-Ата шаардык мэриясынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу өз ишин элдин атынан Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын жана кабыл алынган Жобонун негизинде аткарат
8. Чолпон-Ата шаардык мэриясы жана алардын жооптуу кызматкерлери иштерин ыйгарым укуктарынын жана милдеттеринин негизинде аткарат. Мэриянын ыйгарым укуктары керектүү материалдык жана каржы ресурстары менен камсыз кылуу аркылуу ишке ашат.
9.Мэрия, өз ыйгарым укуктарынын чегинде өз чечимдерин чыгарат жана алар үчүн жоопкерчиликти алат.
10.Мэриянын кызматкерлери өз иштерин Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык алып барат жана муниципалдык кызматкер болуп эсептелип, окуутуучулук, илимий, чыгармачылык иштен тышкары бөлөк акы төлөнүүчү жумуштарда иштөөгө укуксуз. Мэрия саясий партияларды, уюмдарды жана кыймылдарды түзө албайт.
11.Мэрден, вице-мэрден аппарат жетекчисинен, мэриянын кызматкерлеринен турат.
12.Мэриянын кызматкерлери бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык функцияларды ишке ашырат, мэрдин, вице-мэрдин, аппарат жетекчисинин тапщырмаларын аткарат.
13.Мэриянын кызмат орундарынын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген типтуу нормативдердин негизинде аныкталат.
14. Аткаруу-тескөөчү иштердин маанилүү маселелерин, шаардын жашоо – турмушунун маанилүү маселелерин кароого чакырылган кеңеш берүүчү органдар, укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча аткаруу комитети түзүлөт. Аткаруу комитетинин жеке курамын шаардын мэри бекитет.
15.Аткаруу комитетинин курамына мэр, вице-мэр жана мэр тарабынан аныкталуучу жана бекитилүүчү мамлекеттик органдарынын башка кызмат адамдары кирет.Аткаруу комитетинин чечими сунуштама мүнөздө болот.Шаардын мэри отурумдарды алып барат.
1. Шаарлардын мэрлери шаардык кеңеш тарабынан анын чакырылган мөөнөтүнө шайланат.
2. Мэрдин кызмат ордуна талапкерликти көрсөтүүгө шаардык кеңештин фракцияларынын жана Премьер-министрдин укугу бар.
3. Шаардын мэрин шайлоо жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи жыйналышынын күнүнөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирилбестен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат.
Шаардын мэри ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун түзүлгөн күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен шаардын мэрин шайлоону дайындайт.
Шаардын мэри шаардык кеңештин чакыруу мөөнөтү аяктаганга чейин 90 календардык күн калганда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи жыйналышы өткөнгө чейин шаардын мэрин шайлоо дайындалбайт.
Шаардын мэрин шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт.
4. Шаардын мэрин шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде ага шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, шаардын мэрин шайлоо өткөрүлдү деп эсептелет.
Тиешелүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.
Эгерде:
- катталган бир талапкер, депутаттардын добуштарынын эарыл болгон санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын санынын теңин алса, добуштардын санынын көбүрөөгүн алган бир талапкерлик боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү "бардык талапкерлерге каршы" позициясына берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде добуш берүү күнүнө карата бир да талапкер катталбаса же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясы шаардын мэри шайланбай калган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт.
Жаңы талапкерликтерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.
Эгерде кворумдун жоктугунан шайлоо болбой калган учурда. Борбордук шайлоо комиссиясы 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт. Мындай учурда кайра шайлоо мурда катталган талапкерлер боюнча өткөрүлөт.
Шаардын мэрин шайлоонун ушул беренеде жөнгө салынбаган тартиби жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.
Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялайт жана тиешелүү протокол түзөт.
Шаардын шайланган мэрине аймактык шайлоо комиссиясынын тиешелүү күбөлүгү берилет.
5. Тиешелүү кеңештин депутаттары тарабынан шаардын мэри белгиленген мөөнөттө шайланбаган учурда. Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Президент жергиликтүү кеңешти таратууну жүзөгө ашырат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт.
Тиешелүү жергиликтүү кеңештин жаңы курамы тарабынан мэр шайланганга чейин Премьер-министр мэрдин милдетин аткаруучуну дайындайт.
6. Шаардын мэри төмөндөгүдөй учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) жеке арызынын негизинде;
2) прокуратура органдары тарабынан белгиленген, же мамлекеттик ыйгарым укуктары берилген мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен, а прокуратура органдары тарабынан белгиленген мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик-укуктук актыларын кайра бузуу фактылары ачылганда, шаардык кеңештин депутаттарын кабардар кылуу менен;
3) соттун күчүнө кирген айыптоочу өкүмүнүн негизинде;
4) сот тарабынан жоопкерчиликке жарамсыз деп таанылган учурда;
5) аны өлдү, дайынсыз жок болгон, ошондой эле өлгөн деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда;
6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;
7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;
8) жылыш болбогон эмгекке жарамсыздыгынын кесепетинен өзүнүн кызмат милдеттерин аткарууга мүмкүндүгү жок болгон учурда;
9) шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добуштары менен ишенбестик билдирилген учурда;
10) тараптардын эркине көз каранды болбогон жагдайлар боюнча (тиешелүү мыйзам кабыл алынган, мыйзамдарда каралган дагы башка жагдайларда).
7. Шаардын мэрине шаардык кеңеш тарабынан ишенбестик көрсөтүлгөн учурда Премьер-министр аны кызмат ордунан мөөнөтүн мурда бошотуу же шаардык кеңештин чечимине макул болбоо жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
8. Шаардык кеңештин депутаттары тарабынан шаардын мэрине кайра ишенбестик билдирилген учурда Премьер-министр аны кызмат ордунан үч айдын ичинде бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга укугу бар.
9. Мэр кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Премьер-министр жаңы мэрди көрсөткөнгө чейин өзүнүн акты менен мэрдин милдетин аткаруучуну дайындай алат.
1. Шаардын мэри:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын, Президенттин жана Өкмөттүн актыларынын, ошондой эле шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган шаардын жергиликтүү жамаатынын уставынын, шаардык кеңештин чечимдеринин сакталышын жана аткарылышын уюштурат;
2) шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуу боюнча мэриянын, муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин ишине жетекчилик кылат, ушул иштин натыйжаларына жооп берет;
2-1) мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин координациялайт, соттордон, прокурорлордон, мамлекеттик улуттук коопсуздук органынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын жетекчилеринен тышкары, алар өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерин кызматтан четтетүү боюнча маселе коюуга укуктуу;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, шаардын вице-мэрин, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерин, ошондой эле мэриянын аппаратынын кызматкерлерин дайындайт жана бошотот;
4) жергиликтүү маанидеги маселелерди, ошондой эле жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарына таандык кылынгандарын кошпогондо, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды башкарууну ишке ашырат;
5) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай эмес уюштурулгандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
6) мамлекеттик бийлик органдарында, мамлекеттик эмес, коомдук жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү башка уюмдарында шаардын атынан чыгат;
7) кызмат ордуна кирген учурдан тартып 3 айдан кечиктирбестен шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн программасынын долбоорун иштеп чыгууну камсыз кылат, шаардык кеңешке бекитүү үчүн сунуштайт;
8) шаардык кеңештин бекитүүсүнө шаардык бюджетинин долбоорун сунуштайт, жылына экиден кем эмес шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын пайдаланылышы, шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө шаардык кеңеш алдында отчет берет;
9) мыйзамдарга ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча шаардык кеңешке сунуштарды киргизет;
10) шаардык кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндө сунуштарды киргизет, анын ишине катышат;
11) белгиленген тартипте Президент алдында мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө өтүнүч жасайт;
12) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
1. Шаардын вице-мэри ал жок учурда мэрдин ордуна иштейт жана шаардын мэрине жүктөлгөн милдеттерди аткарат.
2. Шаардын вице-мэри шаардын мэринин алдында ал аткаруучу иш-милдеттер үчүн жоопкерчиликтүү болот.
11.Талаш маселелеринин чечилиши жана жоопкерчилиги.
1 .Ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында жоопкерчиликтүү, анын ичинде ал өз аракеттери же аракетсиздиги менен калктын мүдөөлөрүнө, чарбага, курчап турган чөйрөгө келтирген зыяндын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин аткарбагандыктын натыйжасында келтирилген чыгымдарды толук көлөмдө төлөп берүү менен мүлктүк жооперчилик да тартышат.
2.Менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын (бирикмелердин), уюмдардын, мекемелердин жана жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аракетинин же аракетсиздигинин натыйжасында келип чыккан бузулган укуктарын калыбына келтирүү боюнча талаштар, ошондой эле укукка сыйбаган аракеттердин натыйжасында келтирилген чыгымдын ордун толтуруу боюнча талаштар сотто чечилет.
3 .Шаардык мэриянын мыйзамдуу таламдарын коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тарабынан камсыз кылынат.
1 .Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негизин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жергиликтүү жамааттарга бекитилген кирешенин салыктык жана бейсалык булактары, муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер, кредиттик жана башка финансылык ресурстар, ошондой эле кыймылсыз жана кыймылдуу муниципалдык мүлк, баалуу кагаздар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкарууга өткөрүп берилген жана жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын канааттандыруу үчүн алардын аймагынын чек арасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан пайдаланылуучу жаратылыш ресурстары, ошондой эле тиешелүү аймакта ишти жүзөгө ашыруучу ишканалар, уюмдар жана мекемелер түзөт.
2.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана башка органдары, юридикалык жана жеке жактар менен финансылык, жана экономикалык мамилелери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджетти, жана бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүү ,жана аткаруу тартиби менен принциптери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
1. Мэрия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык жана сырткы экономикалык байланыштарын ишке ашырууга укугу бар.
Бул укуктар ишке ашырылат:
-Эл аралык келешимдерди бекитүү жана аткаруу жолу менен жергиликтүү жамааттын жалпы пайдасына багытталган жана бөлөк иш аракеттерди иш жүзүнө ашыруу;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, региондор, шаарлар, айылдар жана поселкалар, ошонун ичинде Эл аралык денгээлде кызматташуу, тууганчылык мамилелер жөнүндө бекитилген келишимдер;
-Эл аралык уюмдардын ишине катышып, алардын иш аракеттеринин ич ара муниципалдык кызматташуусуна, муниципалдык башкаруусуна жана жергиликтүү олуттуу маселелерди чечүүгө багытталган;
-Эл аралык ассоциацияларга, бирдиктерге жана Ассамблеяга киргенге.
2.Келишимге, протоколго жана башка укуктуу иш кагаздарына кол коюу жана аймагын көрсөтүү укугу шаардын мэрине жана кенештин төрагасына таандык болот.
1.Мэриянын Жобосуна жана ага дагы жаны өзгөртүүлөр, кошумчалар менен бекитүү жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кенеште кабыл алынат.
2. Чолпон-Ата шаардык мэриясынын Жобосу юстиция органдарынан каттодон өтөт.
Чолпон-Ата шаарынын мэри | Б.Бакиров. |