Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-январы № 8-3
С. Юсупова (мурдагы Араван) айыл ѳкмѳтγ тарабынан 2003-жылда системалык каттоонун негизинде кабыл алынган чечимдерди кароо жѳнγндѳ
2003-жылы Республика боюнча жеке менчик турак γйлѳрдγ жана ага тийиштγγ жерлерди атайын системалык каттоо жγргγзγлγп, жарандардын менчигиндеги γйгѳ тийиштγγ жерлери каттоого алынып, айыл ѳкмѳтγнγн чечими менен бекитилген. Тактап айтканда айрым жарандардын кѳп жылдардан бери жашап келген γйγнѳ тийиштγγ жерлердин бир бѳлγктѳрγ айыл ѳкмѳтγнγн чечими менен ижаралык негизде бекитилген. Ижаралык негизде бекитилген чечимдерди жокко чыгаруу боюнча жарандар Ош облусунун райондор аралык сотуна доо арыз менен кайрылууда. Райондор аралык соту тарабынан аталган чечимдердин ижаралык негизде бекитилген пункту жокко чыгарылууда. Ижаралык негизде бекитилген жеке менчик турак γйгѳ тийиштγγ жерлерди мыйзамдаштырып, менчик ээсине тγздѳн тγз менчикке бекитип берγγ боюнча айыл ѳкмѳтγнγн жер, турак жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча башкы адиси А. Мамаджановдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып жарыш сѳзгѳ чыккан депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кγн тартибиндеги маселе боюнча айыл ѳкмѳтγнγн жер, турак жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча башкы адиси А. Мамаджановдун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып, Ош облусунун райондор аралык соту тарабынан жокко чыгарылган айыл ѳкмѳтγнγн 2003-жылдагы “Граждандык менчик укугун каттоо жѳнγндѳгγ чечими менен ижарага бекитилген жеке менчик турак γйгѳ тийиштγγ жерлерди мыйзамдаштырып, менчик ээсине тγздѳн тγз менчикке бекитип берγγгѳ кѳмѳк кѳрсѳтγγ боюнча айылдык кеңештин депутаттарынын атынан Араван райондук сотуна кайрылуу жѳнѳтγлсγн.
3. Айылдык Кеңештин кайрылуусун кароо боюнча райондук сотуна зарыл болгон документтерди даярдоо жана жѳнѳтγγ айыл ѳкмѳтγнγн жер, турак жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча башкы адиси А. Мамаджановго жγктѳлсγн.
4. Араван райондук соту тарабынан кайрылууга берилген жооп, айыл ѳкмѳтγ тарабынан каралып, айылдык кеңештин сессияларында кайра кароого сунушталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин жер, турак жана жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
С.Юсупова айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Т.Мамасаидов |