Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-сентябры № 5-5
Араван районунда 2013-жыл “Айыл маданият кѳтѳрγ жылы”деп жарыяландыгы боюнча С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγ тарабынан аткарылган иш чаралар жѳнγндѳ
Араван районунда 2013-жыл “Айыл маданият кѳтѳрγ жылы”деп жарыяландыгы боюнча С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγ тарабынан аткарылган иш чаралар жѳнγндѳ айыл Ѳкмѳтγнγн башчысынын орун басары И. Довидовдун билдирγγсγн угуп жана талкуулап чыгып, жарыш сѳзгѳ чыккан депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван районунда 2013-жыл “Айыл маданият кѳтѳрγ жылы”деп жарыяландыгы боюнча С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγ тарабынан аткарылган иш чаралар жѳнγндѳ айыл Ѳкмѳтγнγн башчысынын орун басары И. Довидовдун билдирγγсγ эске алынсын.
2. Айылдык кеңешинин 4-чакырык 2-сессиясында 2013-жылда айыл маданият кѳтѳрγγ боюнча айыл Ѳкмѳтγ тарабынан сунушталып, сессия тарабынан бекитилген иш чаралар толук аткарылбагандыгына байланыштуу тѳмѳндѳгγ иш чаралар айыл Ѳкмѳтγ тарабынан жыл аягына чейин аткарылышы камсыз кылынсын:
- Араван айылынын М. Султанов, Б. Айдаров, Ленин, Х. Абдуллаев кѳчѳлѳрγнγн белгиленген жерлерине чейин тγнкγ жарыткычтарды орнотуу;
- Араван айылынын М. Султанов, Б. Айдаров, Ленин, Х. Абдуллаев кѳчѳлѳрγнγн белгиленген жерлерине чейин жγргγнчγлѳр жγрγшγ γчγн атайын тротуарларды куруу;
- Айыл Ѳкмѳтγнγн аймагында жыл башында пландаштырылган 5 балдар бакчасын толук ишке тγшγрγγнγ.
- Араван айылынын М. Султанов кѳчѳсγнγн жолун (ямочный ремонт) ремонтто иштерин аягына чыгаруу.
- Араван айылындагы Х. Файзуллаев кѳчѳсγнγн Б. Айдаров кѳчѳсγнѳн башталуучу бѳлγгγн ачуу жана Х. Файзуллаев кѳчѳсγнγн жолун ремонтто.
3. Айыл Ѳкмѳтγ айылдарды кѳрктѳндγрγγ, жашылдандыруу, жолдорду ремонтто, тартипке келтирγγдѳ тѳмѳндѳгγ иштерди аткаруу жагын камсыз кылсын.
- Жолдордун четтеринде жарандар тарабынан аак, кѳмγр, чѳп-саман сатууга жол бербѳѳгѳ, аак, кѳмγр чѳп-самандарды атайын ажыратылган жерлерде сатуу боюнча жарандар арасында тγшγндγрγγ иштерин жγргγзγγгѳ, жарандар тарабынан белгиленген эрежелерди бузууларга жол берилген учурларда аларды административдик жоопкерчиликке тартуу боюнча укук коргоо органдарына кайрылууну;
- Айыл тургундары тарабынан курулуш куруу γчγн жолдорго тѳгγлгѳн кум, шагылдарды алдырууга, жолдорду ѳзалдынча казууга, жолдорду тазалоого жана ремонтторго, жарандар тарабынан белгиленген эрежелерди бузууларга жол берилген учурларда аларды административдик жоопкерчиликке тартуу боюнча тийиштγγ райондук ишкана мекемелерге (райСЭС, ДЭП) жана укук коргоо органдарына кайрылууну;
- Араван райондук кадастр жана кыймылсыз мγлккѳ укуктарды каттоо департаменти, Араван райондук Архитектура жана шаар куруу башкармасы менен макулдашып, айыл Ѳкмѳтγнγн картасында белгиленген кызыл сызыкка жарандар тарабынан ѳз алдынча курулуштарды курууга жол бербѳѳгѳ, мыйзам бузуу фактылары аныкталган учурларда мыйзамдарда белгиленген тартипте чаралар кѳрγγнγ;
- Айыл Ѳкмѳтγнγн борборундагы Ош-Араван автоунаа аялдамасын (автостоянка) А. Анаров айыл Ѳкмѳтγнγн аймагындагы борбордук автовокзалга кѳчγрγγ боюнча тийиштγγ иш аракеттерди кѳрγγнγ;
- Айыл Ѳкмѳтγнγн борборундагы Б. Айдаров кѳчѳсγндѳ жайгашкан Араван-Чек-Абад автоунаа аялдамасын (автостоянка) Араван айылынын Ленин кѳчѳсγнγн башталышындагы мурдагы Араван-Чек-Абад автоунаа аялдамасына (Араван райондук Архитектура жана шаар куруу башкармасынын жанында) кѳчγрγγ боюнча бардык иш аракеттерди кѳрγγнγ;
- Айыл Ѳкмѳтγнγн борборундагы Ош-Тепе-Коргон автоунаа аялдамасын (автостоянка) Б. Айдаров кѳчѳдѳгγ балдар сейилдоочу бактын айланасындагы жеке ишкер Ш. Мамитов тарабынан ачылган автоунаа аялдамасына кѳчγрγγнγ;
- Жолдордогу автоунааларды жγрγшγн тартипке салуу γчγн тийиштγγ мамлекеттик органдар менен макулдашып, жол белгилерин орнотууну;
- Араван айылынындагы автоунаалар γчγн азыркы кγндѳ саат 800дѳн 1800гѳ чейин бир каттамдуу болгон Б. Айдаров кѳчѳсγнγн жолу, бир каттамдуу болушу γчγн белгиленген убактка чектѳѳ киргизилип, Б. Айдаров кѳчѳсγнγн жолу саат 800дѳн 1400гѳ чейин автоунаалар γчγн бир каттамдуу кылып белгилѳѳнγ.
- Айыл Ѳкѳтγнγн борборунда жол каттамдарын, жγргγнчγлѳрдγн жγрγшγн жеңилдетγγ максатында 2014-жылда борбордук кѳпγрѳѳгѳ кошумча кѳпγрѳѳ куруу γчγн Араван районунун мамлекеттик администрациясына сунуштарын берγγ менен бул багытта иштерди жγргγзγγнγ;
- Автоунаа аялдамаларынан тγшγчγγ каражаттарды “Араван Тазалык” коммуналдык ишканасынын бюджетине тγшγшγнѳ кѳмѳк кѳрсѳтγγ менен, айыл Ѳкмѳтγнγн эсебинен “Араван Тазалык” коммуналдык ишканасына берилγγчγ каражатты азайтуу жана жыл сайын “Араван Тазалык” коммуналдык ишканасынын отчетторун айылдык кеңештин сессияларында кароо жагын сунуштоону;
- Районубуздун борборундагы “Момо-жемиш ” базарынына тγнкγ жарыткычтарды орнотуу жана базардын аймагынан автоунаа аялдамасын (автостоянка) ачуу, базардын айланасын тазалыгын сактоо жагы аталган базардын жетекчиси Маннанов Бабурга сунушталсын;
4. Пландаштырылган жана жогоруда кѳрсѳтγлгѳн иш чараларды аткарылышы γчγн ажыратылган акча каражаттын даректγγ жана максатуу иштетилиши айыл ѳкмѳтγ жана айыл Ѳкмѳтγнγн финансы экономика бѳлγмγ тарабынан катуу кѳзѳмѳлгѳ алынсын.
5. 2013-жыл “Айыл маданият кѳтѳрγ жылы” боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, жыл башында пландаштырылган жана ушул токтомдо белгиленген иш чаралардын аткарылышы боюнча айыл Ѳкмѳтγнγн жылдык отчетунда маалымат берγγ жагы айыл ѳкмѳтγнγн башчысы Ш.Фазуллаевге жγктѳлсγн.
6. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык кеңештин тийиштγγ туруктуу комиссияларына жγктѳлсγн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Т.Мамасаидов |