Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-сентябры № 5-6
С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн аймагындагы “Бирлик” γрѳѳнчγлγк чарбасы тарабынан 2012- жана 2013-жылдын 9-айында сапатту γрѳѳн даярдоо боюнча аткарылган иштер жѳнγндѳ
С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн аймагындагы “Бирлик” γрѳѳнчγлγк чарбасы тарабынан 2012- жана 2013-жылдын 9-айында сапатту γрѳѳн даярдоо боюнча аткарылган иштер жѳнγндѳ γрѳѳнчγлγк чарбасынын башчысы Х. Тажибаевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, жарыш сѳзгѳ чыккан депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн аймагындагы “Бирлик” γрѳѳнчγлγк чарбасы тарабынан 2012- жана 2013-жылдын 9-айында сапатту γрѳѳн даярдоо боюнча аткарылган иштер жѳнγндѳ γрѳѳнчγлγк чарбасынын башчысы Х. Тажибаевдин маалыматы эске алынсын.
2. “Бирлик” γрѳѳнчγлγк чарбасы тарабынан 2012- жана 2013-жылдын 9-айында сапаттуу γрѳѳн даярдоо боюнча жγргγзγлгѳн ишмердγγлγгγндѳ аткарылган иштер менен бирге кемчиликтер бар экендиги белгиленсин.
3. “Бирлик” γрѳѳнчγлγк чарбасы тарабынан айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы дыйкан, фермердик чарбалары γчγн пахта, кылкандуу дан эгиндерине сапаттуу γрѳѳн даярдоого ѳзгѳчѳ кѳңγл буруу менен γрѳѳндγн жаңы сортторун табуу боюнча иштер алып барылсын.
4. “Бирлик” γрѳѳнчγлγк чарбасы тарабынан 2012- жана 2013-жылдын 9-айында сапатту γрѳѳн даярдоо боюнча жγргγзγлгѳн ишмердγγлγгγндѳгγ кемчиликтерди жою менен, жыл жыйынтыгы менен айылдык кеңешине отчет берγγ жагы милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык кеңештин агрардык, турак-жай жана муниципиалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссия жγктѳлсγн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Т.Мамасаидов |