Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-декабры № 6-2
С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн 2013-жылда социалдык-экономикалык ѳнγгγγсγн камсыз кылуу багытында жана айыл ѳкмѳтγ тарабынан 2013-жылга бекитилген айылдарды стратегиялык ѳнγктγрγγ (СРС) планынын аткарылышы жѳнγндѳ
Кγн тартибиндеги маселе боюнча С. Юсупова айыл ѳкмѳтγнγн башчысы Ш. Файзуллаевдин отчетун угуп, жарыш сѳзгѳ чыккан депутаттардын пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн 2013-жылда социалдык-экономикалык ѳнγгγγсγн камсыз кылуу багытында жана айыл ѳкмѳтγ тарабынан 2013-жылга бекитилген айылдарды стратегиялык ѳнγктγрγγ (СРС) планынын аткарылышы боюнча айыл ѳкмѳтγнγн башчысы Ш. Файзуллаевдин отчету эске алынсын.
2. Айылдык Кеңештин аймагында социалдык-экономикалык ѳнγгγγнγ камсыз кылууда кабыл алынган иш-чаралардын аткарылышын сапаттык денгээлин жогорулатуу, айыл Ѳкмѳтγнγн башкаруучулугун ѳнγктγрγγ, элдик демилгелерди колдоп кубаттап, айыл Ѳкмѳтγнγн апаратында иштеген кезматкерлерди жоопкерчилигин кγчѳтγп алардын илимий-практикалык жѳндѳмγнѳн натыйжалуу пайдаланып, ички жана тышкы резервтерден толук пайдалануу менен айыл Ѳкмѳтγнγн бюджетинин киреше бѳлγмγнγ толуктап, чыгаша бѳлγмγндѳ кѳрсѳтγлгѳн чыгымдардан максаттуу пайдаланып, керексиз чыгымдарды кыскартууну камсыз кылуу айыл Ѳкмѳтγнѳ милдеттендирилсин.
3. Республикабызда жакырчылыкты кыскартуу багытында кабыл алынган программаларды жана 2010-2013 жылдарда айыл Ѳкмѳтγнγн социалдык-экономикалык жактан ѳнγγгγсγ боюнча жγргγзγлγп жаткан иштерди жандандыруу, жакыр, колунда жок γй-бγлѳлѳргѳ даректγγ жардам берип, аларды экономикалык маданий, рухий жактан ѳсγп-ѳнγγгγсγнѳ кѳмѳк кѳрсѳтγγ айыл Ѳкмѳтγнѳ жана анын аймагында жайгашкан ишкана-мекемелердин жетекчилерине тапшырылсын.
4. Учурдагы базар экономикасынын шартында агрардык сектордо иштеп жаткан дыйкан-фермер чарбаларына жакындан практикалык жардам берип, кредит менен иштѳѳ ыкмаларын γйрѳтγп, инвестицияларды тартуу менен кайра иштетγγчγ кичи цехтердин ишин жандандырып, жаңыларын куруу менен жаңы жумуш орундарын тγзγγ, ѳз ара жардамдашуу топторун, жамааттык уюмдардын аткарып жаткан иштерин колдоп, аларды моралдык жактан колдоп кубаттоо айыл Ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
5. 2013-жылда социалдык-экономикалык, маданий багыттарда аткаруу γчγн белгиленген иш-чаралардын ѳз убагында так аткарылышын камсыз кылууда, айылдырды кѳрктѳндγрγγ, жашылдандырγγ жана башка иш-чараларды жγзѳгѳ ашырууда айыл Ѳкмѳтγнγн аймагында жашаган элди мобилизациялоону мындан ары дагы жогорку денгээлге кѳтѳрγγ айыл Ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына жγктѳлсγн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Т.Мамасаидов |