Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-декабры № 6-7
С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн аймагындагы «Обу-Хает» АВПсына экинчи ички чарбалык сугат долбоорунун эсебинен техникалык кредит-экскаватор алууга макулдук берγγ жѳнγндѳ
Кγн тартибиндеги маселе боюнча «Обу-Хает» АВПсынын башчысы А. Сидиковдун ирригациялык тармактарды натыйжалуу пайдалануу жана тейлѳѳ γчγн экскаватор зарыл экендиги, ошондой эле техникалык кредит алуу γчγн аталган АВП талап кылынган бардык шарттарга жооп бериши тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, жарыш сѳзгѳ чыккан депутаттардын пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Обу-Хает» АВПсына экинчи ички чарбалык сугат долбоорунун эсебинен техникалык кредит-экскаватор алууга макулдук берилсин.
2. Техникалык кредиттин-экскаватордун суммасын тγзγлгѳн келишимдин негизинде кайтарууга кепилдик берилсин.
3. Кредитти кайтаруу мѳѳнѳтγнѳн кечиктирилген учурда, кайтарым суммасын жергиликтγγ бюджеттин эсебинен кароо жана айыл ѳкмѳтγ тарабынан кайтаруу белгиленсин.
4. Айыл ѳкмѳтγнγн башчысы Файзуллаев Шукирилло Хабиббиллаевичке кайтаруу келишимине кол коюу ыйгарым укугу берилсин.
С.Юсупова айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Т.Мамасаидов |