Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-марты № 3-4
С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн штаттык сан эсебин жана тγзγмγн бекитγγ жѳнγндѳ
С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн штаттык сан эсебин жана тγзγмγ боюнча айыл Ѳкмѳтγнγн башчысы Ш. Файзуллаевдин сунушун негизинде КРнын «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳ» Мыйзамынын 31-беренесинин 13-пунктун жана КРнын Ѳкмѳтγнγн 2012-жылдын 16-матрындагы «КРнын Ѳкмѳтγнγн 2011-жылдын 5-августундагы № 451- «КРнын жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтγγ тγзγмγн жана штаттык санын бекитγγ жѳнγндѳ» токтомуна ѳзгѳртγγ киргизγγ тууралуу» 181-токтомунун жетекчиликке алып, С. Юупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн штаттык сан эсеби 29 бирдиктен турушу белгиленсин.
2. Айылдык Кеңешитин аймагында жайгашкан калктуу конуштардагы жергиликтγγ маанидеги маселелерди ыкчам чечγγнγ уюштуруу максатында КРнын «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳ» Мыйзамынын 52-беренесинин жетекчиликке алып, тѳмѳнкγ Октябрь, Пахта-Арал, Нооруз, Бирлик, Кызыл-Тепа айылдарында 5 (беш) айыл башчысы кызматы киргизилсин.
3. Айылдык Кеңештин аймагындагы жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо, персоналдык аскердик эсепке алууну уюштуруу жана калкты паспорт алуу, алмаштыруу, каттоого алуу, чыгаруу иштерин уюштуруу γчγн 2 (эки) аскердик эсепке алуу столунун инспектору жана 1(бир) паспорттук эсепке алуу столунун инспектор кызмат оруну киргизилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышынын камсыз кылуу жагы С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы С. Юсупова айылдык Кеңешинин социалдык-маданий, укук тартип, депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
С.Юсупова айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Мамасаидов |