Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-сентябры № 1
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 20-август 2014-жылдагы № 102 токтомуна ылайык Нарын шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 43-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 20-августундагы №102 токтомунуна, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 53-54-главаларына ылайык Нарын шаарынын мэрин жашыруун добуш берүү жолу менен шайлоонун жыйынтыгы боюнча Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын билдирүүсүнүн угуп Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарынын мэрин жашыруун добуш берүү жолу менен шайлоонун жыйынтыгы боюнча Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын № 1, № 2 протоколдору бекитилсин.
2. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын № 1, № 2 протоколдорунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын жашыруун добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен сессияга катышкан 31 депутаттан 17 депутаттын добушун алган талапкер Адиев Рахат Нурдинович Нарын шаарынын мэри болуп шайланды.
Төрага: | Э.Турсуналиев катоо № 2014-29 |