Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-февралы № 7/50
Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин
2014-жылга бюджетинин бекитүү жөнүндө
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ж. Аскаровдун 2013-жылда жүргүзгөн иштеринин маалыматы жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2014-жылга карата бюджетинин долбоорун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2013-жылга бюджетинин аткарылышы боюнча кирешелери 251,2 сомго, чыгашалары 209769,0 сомго аткарылганы белгиленип, жыл аягында калган калдык 116255,0 сомго бекитилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2014-жылга карата кирешелер 275030,0 сом өлчөмүндө бекитилсин.
№ | Киреше булактары | Берилген план |
1. | Шартуу мал башынан (кой,эчки,уй,жылкы) | 178,230 |
2. | Топоздордон | 66,8 |
3. | 2013-жылдан калдык | 30,0 |
| Баардык киреше | 275030,0 |
3. 2014-жылга жайыт комитетинин чыгашалары 275030,0 сом болуп төмөндөгүдөй бекитилсин.
№ | Статьялардын аталышы | Сумма м.с. |
1. | Эмгек акы | 120,0 |
2. | Соцфондго чегерүү | 20,7 |
3. | Жайыт жер салыгы үчүн | 23,718 |
4. | Сатуудан түшкөн салык 3% | 7,538 |
5. | Ар кандай чыгым үчүн | 6,574 |
6. | Траспорттук чыгым | 10,0 |
7. | Райондук ассоцияга | 10,0 |
8. | Өздүк салым | 75,0 |
9. | Иш кагаздарын жүргүзүгө концтоварга | 1,5 |
| Баары: | 275030,0 |
Жалпы чыгым: 275030,0 сом
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин экономикалык саясат жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Б.Элтуйбасов |