Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-февралы № 7/51
Ак-Кыя айылында өткөрүлгөн элдик жыйындын сунуштары жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылында 2014-жылдын 12-февралында элдик жыйында жайыт комитетини бир жылда аткарган маалыматы угуп жана 2014-жылга шартуу малга жайыт акысын бекитүү, жазында жайлоого көчүү, күзүндө көчүп келүү жана жайында кышкы жайытка малын түшүргөн малчыларга, чабындага, кайрак айдоого кирген малга айып төлө боюнча элдик жыйындан сунуш кылынган маалыматтарды угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө ар бир шартуу малдын башына 65 сомдон, топозго ар бир башына 200 сомдон жайыт акысы, кайрак айдоолорго, чабындыларга кирген мал башына жана жайкысын туура жолдон ылдый жайган малчыга малынын башына 50 сомдон айып бекитилсин.
2. Жайыт пайдалануучулардын малын жайлоого чыкканда тактап санап чыгып, каттоого каттатпай жашыган малга жайыт аксын эки эселенген өлчөмдө төлөтүү жана жазында жайлоого өз мөөнөтүндө көчүрүп, белгиленген убакта кыштоого түшүрүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Ж. Аскаровго, Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Б.Элтуйбасов |