Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-февралы № 7/54
Кыргыз Республикасынын “Салык кодексинин” 344-статьясынын
1,3,4-бөлүмдөрүнө ылайык жеңилдик алуучулардын тизмесин бекитүү жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүн башчысы С. Калбаялиеванын билдирүүсүн угуп Кыргыз Республикасынын “Салык кодексинин” 344-статьясынын 1,3,4-бөлүмдөрүнө ылайык 2013-жылга карата огород салыгынан жеңилдик алуучулардын тизмесин бекитүү жөнүндө талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү 98 атуулга жеңилдик берилип, турак-жайынын жер алдындагы жер аянтына жалпысы 215164 кв.м огород салыгын төлөөдөн бошотулсун
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Б.Элтуйбасов |