Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-февралы № 7/57
Качкынчиева Таалайбүбүнү, Осмонова Айтбүбүнү «Мээрман эне»
наамына сунуштоо жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынан айыл өкмөтүнүн атынан «Мээрман эне» наамына Качкынчиева Таалайбүбүнү, Осмонова Айтбүбүнү сунуштоо жөнүндө айыл аймагынан айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К. Элтуйбасовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл аймагынан айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылынын тургуну эмгек ардагери персоналдык пенсионер Качкынчиева Таалайбүбү, Сары-Булак айылынын тургуну эмгек ардагери, жеке ишкер пенсионер Осмонова Айтбүбү «Мээрман эне» наамына сунуш кылынсын.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кочкор райондук жергиликтүү депутаттардын кошмо жыйынан суралсын.
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Б.Элтуйбасов |