Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-февралы № 7/58
Ак-Кыя айылындагы мектептин жылуулук системасын орнотуу жана
имараттын ичин ремонттон өткөрүү жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынан айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылындагы мектептин жылуулук системасын орнотуу жана имараттын ичин ремонттон өткөрүү жөнүндө айыл аймагынан айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айылындагы мектептин жылуулук системасы орнотулуп жана имараттын ичи ремонттон өткөрүлсүн.
2. Сары-Булак айыл аймагынан айыл өкмөтүнүн бюджетинен 163303 сом ремонтук иштерге өздүк салым катары бөлүнүп берилсин, 163303 сом жумушчу күчү менен бүткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Б.Элтуйбасов |