Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-марты № 4/7
Кызыл–Кыя шаарынын кварталдык жана үй комитеттеринин төрагаларына, коммуналдык кызматтарга төлөнүүчү төлөмдөрдөн жеңилдиктерди берүү жөнүндө.
Кызыл – Кыя шаарынын аймагында 45 кварталдык комитеттери жана көп этаждуу үйлөрдө үй комитеттери түзүлгөн. Шаар калкынын күнүмдүк турмуш тиричилигине зарыл болгон маселелерди жайында чечүү жана чечилбеген маселелерди оперативдүү түрдө шаардык кеңешке, шаардын мэриясына жеткирип алар аркылуу көйгөйлүү маселелерди чечүүнү камсыз кылуу максатында, шаардагы кварталдарда кварталдык комитеттери, көп этаждуу үйлөрдө үй комитеттери, алардын төрагалары эл тарабынан шайланып, иштеп келүүдө. Алар өздөрүнүн ишмердүүлүгүн коомдук башталышта жүргүзүшүп, шаардык кеңештен, шаардын мэриясынан эч кандай материалдык төлөмдөрдү алышпайт.
Шаардын аймагындагы кварталдык жана үй комитеттеринин төрагаларынын ишине материалдык стимул түзүп, аларга ичүүчү сууну пайдалангандыктары үчүн, таштандыларды алып чыгууга төлөнүүчү жана үйүндөгү шаардык телефондорун пайдалангандыктары үчүн төлөнүүчү абоненттик төлөмдөн жеңилдиктерди берүү максатка ылайык.
Жогорудагыларга жана бир топ кварталдардык комитеттеринин төрагаларынын шаардык кеңешке коммуналдык кызматтарга төлөнүүчү төлөмдөрдөн жеңилдиктерди берүү боюнча бир нече жолу кайрылууларын эске алып, шаардагы кварталдык жана үй комитеттеринин төрагаларынын, төрайымдарынын иштөөсүнө материалдык стимул түзүү максатында, күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31–жана 55–беренелерине негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын аймагындагы коомдук башталышта эмгектенген кварталдык жана үй комитеттеринин төрагаларына, “Караван” аймактык башкармалыктын кварталдык жана көчө комитеттеринин төрагаларына үйүндөгү шаардык телефондорун пайдалангандыктары үчүн ай сайын төлөнүүчү абоненттик төлөмдөн 50% өлчөмүндө жеңилдик 2013–жылдын 1–январынан 31–декабрына чейин берилсин.
2. Кызыл –Кыя шаарынын аймагындагы коомдук башталышта эмгектенген кварталдык жана үй комитеттеринин төрагаларына, “Караван” аймактык башкармалыктын кварталдык жана көчө комитеттеринин төрагаларына үйүндөгү шаардык телефондорун пайдалангандыктары үчүн берилген жеңилдиктер үчүн акча каражаты Кызыл–Кыя шаарынын 2013–жылга шаардык жергиликтүү бюджетинин эсебинен төлөнүп берилсин.
3. Кызыл–Кыя шаарынын аймагындагы коомдук башталышта эмгектенген кварталдык жана үй комитеттеринин төрагаларына, “Караван” аймактык башкармалыктын кварталдык жана көчө комитеттеринин төрагаларына ичүүчү сууну пайдалангандыктары үчүн төлөнүүчү төлөмдөн бир кишиге 100% өлчөмүндө жеңилдиктер берилсин.
4. Кызыл–Кыя шаарынын аймагындагы коомдук башталышта эмгектенген кварталдык жана үй комитеттеринин төрагаларына, “Караван” аймактык башкармалыктын кварталдык жана көчө комитеттеринин төрагаларына таштандыларды алып чыгуу үчүн төлөнүүчү төлөмдөн бир кишиге 100% өлчөмүндө жеңилдиктер берилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча жана укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Маткалыков |