Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-марты № 4/8
Кызыл–Кыя шаарындагы Х. Алимжан атындагы № 5–орто мектебинин атын өзгөртүп, ал мектепке Кыргыз Эл жазуучусу Ч. Айтматовдун ысмын ыйгаруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 5–июлундагы № 101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, Кыргыз Республикасына эле эмес, бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон залкар жазуучу Айтматов Чынгыз Төрөкуловичтин басып өткөн жолун жаш муундарга өрнөк катары көрсөтүү, анын ысмын түбөлүккө эскерүү максатында Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарындагы Х. Алимжан атындагы № 5–орто мектебинин атын өзгөртүп, ал мектепке Кыргыз Эл жазуучусу Ч. Айтматовдун ысмы ыйгарылсын.
2. Кызыл–Кыя шаарындагы Х. Алимжан атындагы № 5–орто мектебинин атын өзгөртүп, ал мектепке Кыргыз Эл жазуучусу Ч. Айтматовдун ысмын ыйгарууга байланышкан чыгымдар Х. Алимжан атындагы № 5–орто мектебинин администрациясынын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Маткалыков |