Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-сентябры № 9/28
Кызыл-Кыя шаарынын 2013–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин 2013-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен аткарылышы жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы № 101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаарынын 2013–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин 2013 – жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен аткарылышы жөнүндөгү маселе шаардык каржы бөлүмүнүн 2013–жылдын 6–августундагы № 166 кайрылуу катына ылайык, шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын жана маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын сунуштарды эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын 2013-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин 2013 – жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен киреше бөлүгүнүн аткарылышы 108873,0 миң сом, чыгаша бөлүгү 100407,3 миң сом өлчөмүндө өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен аткарылгандыгы жөнүндө шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы И.Жолдошовдун билдирүүсү эске алынсын. (тиркемелер тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Маткалыков |