Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-сентябры № 10/29
Кызыл–Кыя шаарынын калкын таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча
«Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын жүргүзүп
жаткан иштери жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июулундагы №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31–беренесине негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын калкын таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча «Кызыл–Кыя Сууканал» муниципалдык мекемесинин алып барып жаткан иштери жөнүндөгү шаардык «Кызыл–Кыя Сууканал» мекемесинин жетекчиси А.Сатыбалдиевдин билдирүүсү эске алынып, жылдын жыйынтыгы менен отчету угулсун.
2. Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Халмурзаевке милдеттендирилсин:
– шаар калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу системасын реаблитациялоо долбоорунун алкагында республикалык бюджеттен 2013–жылга бөлүнгөн акча каражаттарын толук иштетүүнү камсыз кылуу менен Исфайрам водоводунун магистралдык асбест–цемент трубаларын металл трубаларга алмаштыруу иштерин аягына чыгаруу жагы;
– шаар калкын ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу үчүн шаардагы ички суу түтүктөрүн алмаштыруу боюнча шаардын жергиликтүү бюджетинен 2014–жылга акча каражатын бөлдүрүү жана долбоорлорду жазып, донорлорго кайрылуу боюнча максаттуу иштерди алып баруу жагы;
3. Кызыл–Кыя шаардык «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык мекемесинин жетекчилигине (А.А.Сатыбалдиевке) милдеттендирилсин:
– көрсөтүлгөн кемчилдиктерди бир айлык мөөнөттө жоюу жана калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында ички суу түтүктөрүнүн жарылган жерлерин бүтөө, суу берүүчү колонкаларга вентильдерди коюу, Исфайрам жана Кулуштан водоводдорунан келүүчү суулардын дебетин жогорулатуу боюнча толук кандуу иштерди жүргүзүү жагы,
– шаардагы административдик–аймактык округдардын (АТОлордун) башчылары, кварталдык жана үй комитеттеринин төрагалары жана шаарга караштуу айылдардын айыл башчылары менен биргеликте шар калкынын арасында ичүүчү сууну үнөмдүү пайдалануу, ичүүчү сууну жана канализацияны пайдалангандыктары үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөө жана суу өлчөөчү счетчиктерди орнотуу боюнча максаттуу иштерди алып баруу жагы.
4. Ушул токтом шаардагы «Мезгил Жарчысы» «Содружество» жана «Белес» газеталарына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин ишкерлер,өнөр жай, транспорт.коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Маткалыков |