Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-июну № 4/25
Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин
2013-жылга бюджетинин бекитүү жөнүндө
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин эсепчиси Ж. Тентимишовдун 2012-жылда жүргүзгөн иштеринин маалыматын жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2013-жылга карата бюджетинин долбоорун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2012-жылга бюджетинин аткарылышы боюнча кирешелери 232,0 сомго, чыгашалары 213,148 сомго аткарылганы белгиленип, жыл аягында калган калдык 28, 736 сомго бекитилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин2013-жылга карата кирешелер 230,2 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. 2013-жылга жайыт комитетинин чыгашалары 230,2 сом болуп төмөндөгүдөй бекитилсин.
№ | Статьялардын аталышы | Сумма м.с. |
1. | Эмгек акы | 120,0 |
2. | Соцфондго чегерүү | 20,7 |
3. | Жайыт жер салыгы үчүн | 23,731 |
4. | Сатуудан түшкөн салык 3% | 5,294 |
5. | Ар кандай чыгым үчүн | 7,0 |
6. | Инвентар алууга жана траспорттук чыгым | 10,475 |
7. | Райондук ассоцияга | 10,0 |
8. | Өздүк салым 2014-жылга | 30,0 |
9. | Жайыт комитетинин окуу семинарына | 3,0 |
| Баары: | 230,2 |
Жалпы чыгым: 230,2
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин экономикалык саясат жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңешинин тѳрагасы: | Б.Элтуйбасов |