Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-июну № 4/27
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт аянттарын
жана тышкы чек араларын бекитүү жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт аянттарын жана тышкы чек аралары боюнча жасалган материалдардын жана 9-декабрь 2012-жылы түзүлгөн чектин айыл аймактары менен макулдашуу меморандумун карап чыгып жана талкуулап депутаттардын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн тышкы чек аралары 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жалпы жайыт аянттары 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтомдо көрсөтүлгөн тышкы чек ара жана жайыт аянтын макулдашуу жагы Кочкор районунун жайыттардын чек араларын тактоо боюнча комиссияга сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчы Н. Касымалиевге милдеттендирилсин.
Кеңешинин тѳрагасы: | Б.Элтуйбасов |