Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-сентябры № 2
“Бешик-Жон айыл аймагындагы
мектептердин жана мекеме ишканалардын
ремонт иштери, мектептердин жаны окуу
жылына даярдыгы жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги X--сессиясы, «Бешик-Жон айылдык аймагындагы мектептердин жана мекеме ишканалардын жаны окуу жылына даярдыгы жөнүндө” Бешик-Жон айылдык кенешинин алдындагы “Билим берүү жана саламаттыкты сактоо , маданият жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Оморовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Бешик-Жон айылдык аймагындагы мектептердин жана мекеме ишканалардын жаны окуу жылына даярдыгы жөнүндөгү” туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Оморовдун отчету алымча кошумчасы менен канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Билдирүүдөгү айтылган кемчилдиктердин негизинде сунуштар эске алынып, кышка даярдыгын толук аяктоо иш чаралары кабыл алынсын.
3. 2014-жылдын бюджетинде №8 Карача орто мектебинин чатырын алмаштырууга акча каражаты каралбагандыгы үчүн, Базар-Коргон айыл өкмөтү тарабынан Карача айылына балдар бакчасын курууга берген 300,0сом кайрымдуулук демөөрчүлүк акча каражатын убактылуу жумшап, кийинки 2015-жылдын бюджетине (раздел 70921 ) бекитип, 300,0 сом акча каражаты кайтарылып берилсин.
4. Баймундуз айылынын жаңы ишке кирип жаткан балдар бакчасына туалет куруу үчүн 150,0сом, балдар уктоочу эмеректерди алуу үчүн 133,0сом акча каражаты үнөмдөлгөн беренелерден бөлүнүп берилсин.
5. Баймундуз айылындагы № 22 Тагай уулу Камал орто мектебинин жылытуу системасын куруу үчүн 350,0сом акча каражаты үнөмдөлгөн беренелерден бөлүнүп берилсин. Ал эми калган № 8 Карача, № 42 К.Сооронбаев,
6. №7 М.Мамбеталиев орто мектептерине 2014-жылга жылытуу системасын альтернативдик вариантка өткөрүүгө бюджеттин мүмкүнчүлүгү болбогондуктан , электр берүүчү движоктор алынып берилсин.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан берилген 2014-жылдын 22-августундагы №08-1-2/9602-катынын негизинде Кыргыз Республикасынын “2014 жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык жергиликтүү бюджетти бекитүүдө биринчи кезекте корголгон беренелерге жана коммуналдык кызматтарга, көмүр отунга бекитүү жагы көңүлгө алынсын.
8. Бул токтомдун аткаруу жагы Бешик-Жон айыл аймагынын башчысы А.Адишовко милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп, көмөктөшү жагы “Билим берүү жана саламаттыкты сактоо, маданият жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиясына жана акча каражатын камсыз кылуу боюнча үнөмдөлгөн беренелерден которуп берүүгө көмөктөшүү Бюджет, өнөр жай, курулуш, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүү боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Маманов |