Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-сентябры № 3
«Ар түрдүү маселе»
Бешик-Жон айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги X--сессиясы, Бешик-Жон айыл аймагынын Карача айылынын жаны конуш тургундарынын Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.А.Долдоевке жазган 2014-жылдын 7-августундагы кириш№ Кл-199 арызы жана ошол эле тургундардан айыл өкмөт башчысына 2014-жылдын 7-августундагы кириш № Кл-173-катоодогу электр линияларын тартуу жана столбаларды орнотуп берүү жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагынын Карача айылынын жаны конуш тургундары (12 кожолук) 35жылдан бери электр линияларын башка конуштун линияларынан тартып келип жашап, эки конуштун ортосунда жанжалдар келип чыгып жатат Ошондуктан жаны конуш тургундары тарабынан 40% акча каражаты жыйналса 60% жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү менен электр линияларын тартууга столбалары алынып берилсин.
2. Жаны конуштарга электр линияларын тартуу маселесине жана столбаларды орнотууга жардам көрсөтүү үчүн Базар-Коргон райондук РЭС башкармасына кат жөнөтүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кенештин төрагасы А.Мамановко жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Маманов |