ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылыш кезектеги XVII-сессиясы
2014-жылдын 8-сентябры № 1
Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын эсептөө комисиясынын протоколун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 43-беренесинин негизинде депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын протоколу бекитилсин.
2. Авазов Салайдин Абдивалиевич Жалал-Абад шаарынын мэри болуп шайланды деп эсептелинсин.
3. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына ушул токтомду Борбордук шайлоо комиссиясын жеткирүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом кабыл алган учурдан күчүнө кирет.
Тѳраганын орун басары: | К.Айтакалов |