Редакцияот 22.08.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 22-августу № 17/4

Баетов айылындагы мүрзөнүн ордун которуу

үчүн жер берүү жөнүндө

Баетов айылындагы мүрзөнүн ордун которуу үчүн жер берүү жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XVII-сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын 2014-жылдын 1-августундагы №182 аныктамасы, Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 2014-жылдын 21-августундагы №2 протоколуна ылайык, Баетов айылындагы мүрзөнүн ордун которуу үчүн Как-Көл участкасындагы № 335, 336, 349, 352, контурдан  5 га жер аянты бөлүнүп берилсин. (тиркеме тиркелет)

2. Тийиштүү документтерин алуу жагы Баетов айыл өкмөтүнүн экономист-статист жетектөөчү адиси  Келдибек уулу Бердибекке тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү агрардык курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча тармактык комиссиянын  төрагасы А.Абдылдаевге тапшырылсын.

 

Төрага

Т.Рысбаев