ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (V шайланган) IV кезексиз сессиясы
2013-жылдын 5-июну № 32
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнγндѳ" мыйзамын аткаруу γчγн "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнγндѳ" мыйзамына 2013- жылдын 22- февралында ѳзгѳртγγ киргизилип, 2013- жылдын 1- мартынан баштап кγчγнѳ киргендигине байланыштуу Жылалды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл ѳкмѳтγнγн аймагында жашаган калктын кѳпчγлγгγ кыргыз тилин билгендиктен, айылдык Кеңештин сессиясында ченемдик актыларынын долбоорлору мамлекеттик тилде гана каралсын жана жγргγзγлсγн.
2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Акназаров |