ДѲҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-июну № 20
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнγндѳ» мыйзамын аткаруу жѳнγндѳ
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнγндѳ» мыйзамына 2013-жылдын 22-февралында ѳзгѳртγγ киргизилип, 2013-жылдын 1-мартынан баштап кγчγнѳ киргендигине байланыштуу Дѳң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дѳң-Булак айыл ѳкмѳтγнγн аймагында жашаган калктын кѳпчγлγгγ кыргыз тилин билгендиктен, айылдык кеңештин сессиясында ченемдик актыларынын долбоорлору мамлекеттик тилде гана каралсын жана жγргγзγлсγн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтγнγн жооптуу катчысы К.Ибрагимовага милдеттендирилсин.
Дѳң-Булак айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Тагаев |