Загрузка документа…
ДѲҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-февралы № 45
Дѳң-Булак айыл ѳкмѳтγнγн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга айыл ѳкмѳтγнγн бюджетин бекитγγ жѳнγндѳ
Дѳң-Булак айыл ѳкмѳтγнγн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга айыл ѳкмѳтγнγн бюджетин бекитγγ жѳнγндѳгγ маселе айыл ѳкмѳтγнγн кеңейтилген аппараттык кеңешмесинде карап, Дѳң-Булак айыл ѳкмѳтγ
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2013-жылы Дѳң-Булак айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинин киреше бѳлγгγ 23896,0 мин сомго жана чыгаша бѳлγгγ 21392,9 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2014-жылга айыл ѳкмѳтγнγн бюджети кирешелери жана чыгашалары 11855,1 мин сом ѳлчѳмγндѳ бекитилсин.
3. Айыл ѳкмѳтγнγн 2015-2016-жылдарга жактырылган болжолдуу кѳрсѳткγчтѳрγ № 5 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2012-жылдын 28-майындагы № 323 токтомунун эскертмесине ылайык Дѳң-Булак айылдык кеңешинин 2012-жылдын 26-январындагы № 7 токтомунун негизинде 3 (уч) Аскер кызматы багытында жана 9 (тогуз) айыл башчы штаттык бирдиктери киргизилсин.
5. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жѳнγндѳ мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл ѳкмѳтγнγн резервдик фонду 118,0 мин сом ѳлчѳмγндѳ бекитилсин.
6. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер (эмгек акы,социалдык фондко чегерγγ,тамак-аш, дары-дармек жана милдеттγγ медициналык камсыздандырууга чегерγγлѳр) каржылануусу белгиленсин.
7. Айланма кассалык калдык (Оборотный кассовый наличность) айыл ѳкмѳтγнγн бюджети боюнча жургγзγлγγчγ накталай акча каражаты 2015-жылдын 1-январына карата 300,0 мин.сом ѳлчѳмγндѳ белгиленсин.
8. Айыл ѳкмѳтγнγн 2012-жылы бюджеттин чыгаша бѳлγгγнѳ белгиленип каржыланбай калган каражаттар 2014-жылдагы бюджетти аткаруу чегинде каржылоо сунуш кылынсын.
9. 2014-жылдын 1-январына бош калган 3283,4 миң сом бюд.еттик каражатын жыл ичинде Дѳң-Булак айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы социалдык маселелерди калыптандырууга кошумча эсептѳѳлѳрдγ аткаргандан кийин сарпталуусу белгиленсин.
10. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтγнγн ФЭБ башчысы К.Абдибаетовго милдеттендирилсин.
Дѳң-Булак айыл кеңешинин тѳрагасы: |
А.Тагаев |