Загрузка документа…
ДѲҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-февралы № 46
Дѳң-Булак айыл ѳкмѳтγнγн 2013-жылдагы атайын каражат эсебинин аткарылышы жана 2014-жылга айыл ѳкмѳтγнγн атайын каражат эсебин бекитγγ жѳнγндѳ
Дѳң-Булак айыл ѳкмѳтγнγн 2013-жылдагы атайын каражат эсебинин аткарылышы жана 2014-жылга айыл ѳкмѳтγнγн атайын каражат эсебин бекитγγ жѳнγндѳгγ маселе айылдык кенешинин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Дѳң-Булак айыл кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылы Дѳң-Булак айыл ѳкмѳтγнγн атайын каражат эсебинин киреше бѳлγгγ 363,9мин сомго жана чыгаша бѳлγгγ 324,2 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Айланма кассалык калдык (Оборотный кассовый наличность) айыл ѳкмѳтγнγн бюджети боюнча жургγзγлγγчγ накталай акча каражаты 2015- жылдын 1-январына карата 50,0 мин.сом ѳлчѳмγндѳ белгиленсин.
3. Айыл ѳкмѳтγнγн 2013-жылы атайын каражат бѳлγгγнѳ белгиленип каржыланбай калган каражаттар 2014-жылдагы атайын каражаты аркылуу каржылоо жагы сунуш кылынсын.
4. 2014-жылдын 1-январына бош калган 39,7 мин сом атайын каражаты жыл ичинде кошумча чечимдердин негизинде сарпталуусу белгиленсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл кенешинин бюджет,финансы жана социалдык маселелер боюнча туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.
Дѳң-Булак айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Тагаев |