Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-сентябры № 4
“Шаар ичиндеги “Кара-Балта – Бишкек” жана “ Кара-Балта – “Дордой” базары” маршруттарынын тарифинин көтөрүлүшү жөнүндө”
Ѳндүрүш, курулуш, транспорт жана кичи орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясы, ААК «Кара-Балта ПАТП», директорунун - Бажан А.Ф., ЖЧК «АДК-Транс», аткаруучу директорунун - Атамкулов Т.С., жана ЖЧК “Искра-Транс”, директорунун - Лю И.Н. “шаар ичиндеги № 2, № 3, № 5, № 6, жана № 7 “Кара-Балта – Бишкек”, “Кара-Балта –“Дордой” базары” маршруттарынын тарифинин көтөрүлүшү жөнүндө” маалыматын угуп
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өндүрүш, курулуш, транспорт жана кичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясы, ААК «Кара-Балта ПАТП», директорунун - Бажан А.Ф., ЖЧК «АДК-Транс», аткаруучу директорунун - Атамкулов Т.С., жана ЖЧК “Искра-Транс”, директорунун - Лю И.Н. “шаар ичиндеги № 2, № 3, № 5, № 6, жана №7 “Кара-Балта – Бишкек”, “Кара-Балта –“Дордой” базары” маршруттарынын тарифинин көтөрүлүшү жөнүндө” маалыматты эске алуу
2. Шаар ичиндеги № 2, № 3, № 5, № 6, жана № 7 маршруттарынын тарифинин 10 сом өлчөмүндө, “Кара-Балта – Бишкек” маршрутун 50 сомдон 60 сомго, “Кара-Балта – “Дордой” базары” маршрутун 60 сомдон 70 сомго бекитилсин.
3. Пенсионерлер үчүн (жашы 60тан өйдө), мектеп окуучуларына (3 классты кошо эсептегенде) жана I, II группадагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн (документти көрсөтүүдө гана), шаар ичинде 7 сом калтырылсын.
4. Токтомдун ишке ашырылышы өндүрүш, курулуш, транспорт жана кичи орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кеңештин тѳрагасы: | Т.Суюмбаев |