Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-февралы № 2
Жаңы-Ноокат айыл аймагында өткөрүлүп жаткан той-марекелерде артыкча чыгымдарга жол бербөө чаралары жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл аймагында өткөрүлүп жаткан той марекелерде артыкча чыгымдарга жол бербөө чаралары боюнча маселени угуп жана талкуулап, айылдык кеңештын депутаттары тарабынан билдирилген кошумча жана өзгөртүүлардын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешынын кезектен тышкаркы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагында өткөрүлүп жаткан той-марекелерде артыкча чыгымдарга жол бербөө боюнча чаралар бекитилсин (тиркелет).
2. Жаңы-Ноокат айыл аймагында өткөрүлүп жаткан той-марекелерде артыкча чыгымдарга жол бербөө боюнча чараларды аткарылышын камсыз кылуу, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзу Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө жана айыл башчыларына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештын мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Имамов |