Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-февралы № 1
Жаңы-Ноокат айылдык өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетинин аткарылышы жана айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2014-жылга сметасынын бекитүү жөнүндө
Жаңыноокат айылдык өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетинин аткарылышы жана айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2014-жылга бюджеттин сметасын карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндөгү мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоор айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясы жана депутаттар тарабынан киргизилген түзөтүүлөрдүн негизинде депутаттардын Жаңы-Ноокат айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айылдык өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жүргүзгөн финансылык, чарбалык иш-аракеттери канааттандырарлык деп эсептелсин.
2. 2014-жылга кирешелер жергиликтүү салыктардан жана Республикалык гранттардан 20138,4 миң сом, чыгашалар 20138,4 миң сом.
Чыгашалар разделдер боюнча бекитилсин.
Р-701 5175,9 миң сом
Р-704 2340,0 миң сом
Р-706 3622,0 миң сом
Р-70811 1289,5 миң сом
Р-709 7608,0 миң сом
Бардыгы 20138,4 миң сом
3. Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын финансылык экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансылык өз алдынчалыгын жана мамлекеттик каражаттарды максаттуу сарамжалдуу пайдаланылуусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмү тарабынан көзөмөлдөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Имамов |