Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-февралы № 2
Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен үлүштүк (түрткү берилүүчү) грант алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айылдык округундагы Амир-Темур атындагы орто мектебиннин жылытуу системасын, эшиктери,сынып жарака кеткен терезелерин реонттоо иштери боюнча даярдалган бизнес долбоорду иш жүзүнө ашыруу үчүн акча каражаттарын бөлүп берүү максатында Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айылдык округундагы Амир-Темур атындагы орто мектебинин жылытуу системасын, эшиктери,сынып жарака кеткен терезелерин ремонттоо иштери ремонтто үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен үлүштүк (түрткү берүүчү) грант алуу үчүн Жаңы-Ноокат айылдык Кенешинин жергиликтүү бюджетинен 330340 (уч жүз отуз миң уч жүз кырк) сом раздел 709 ст 3111 да акча каражаттары каралып каржылоолор жүргүзүлөт.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы: ФЭБ башчысы: | А.Имамов М.Махмудов |