Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-марты № 1
Кызыл-Тейит айылындагы 5.20 га жер аянтын алмаштыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын № 550 токтому менен Кызыл-Тейит айылындагы бак жерден турак жай куруу үчүн ажыратылып берилген жер аянтынан жогорку чыналуудагы үч электр линиясы өткөндүгү,бул жер селдин жолунда экендиги жөнүндө Ноокат райондук жер кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы,Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын,Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ноокат райондук бөлүмүнүн адистеринин,Ош ПВС тин адистеринин (жана башка организациялардын кортундуусу) Ноокат райондук санитардык көзөмөл инспекциясынын ,депутаттардын Ноокат райондук кеңеши тарабынан 2011-жылында түзүлгөн атайын комиссиясынын кортундусу,Кыргыз Республикасынын кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору Н.Исабековдун 2013-жылдын
1- ноябрындагы 01\13\3419 катынын,Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13- беренесинин негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 2– декабрындагы №550 Ноокат районунун калктуу конуштарын кеңейтүү жөнүндөгү токтому менен бөлүнүп берилген Кызыл-Тейит айылынын жер картасынын № 502 контурундагы 5.20 га жер аянты,жер картасынын № 14-55 контурундагы жерди алмаштыруу элдин арзынын негизинде, элдин талабын канаттандыруу максатында депутаттардын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде алмаштырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы Н Юлчиевге, жер адиси Э Эргашовго,жана айыл башчысы А Абдуваповго тапшырылсын.
3. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештын жер маселелери боюнча туруктуу комиссыясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы | А.Имамов |