Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-марты № 2
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургундары Т.Ниязалиева, Х.Артыков, М.Дадахужаевдердын жер тилкеси боюнча арызы тууралуу
Жаңы-Ноокат айылынын борборундагы мурдагы «Малыш» балдар бакчасы азыркы Сахаба лицейи жайгашкан курулуш имаратын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү дыйкан чарбалардан сатып алып, айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүп алган. Бирок бул курулуш имаратын жер аянтын өткорүп алуу убагында өлчөнгөн убакытта жер аянты 32 сотик экендги аныкталган. Дыйкан чарбалар балдар бакчасы үчүн мамлекеттик акт алган убакытта 42 сотик болгон. Дыйкан чарбалардын токтому менен дыйкан чарбалардын үлүшүндөгү 10 сотик жер аянты жаңы-Ноокат айыл өкмөтүно сатылбастан мурда жеке менчикке сатылып, алынган мамлекеттик актка өзгөртүүлөр киргизбестен айыл өкмөтүнө өткөрүп беришкен. Ошондуктан арадагы айырма 10 сотих чыгып калган. Ортодогу айырма 10 сотик жер аянты боюнча маселе каралып жана талкуланып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургундары Т.Ниязалиева, Х Артыков, М.Дадахужаевдердын жер тилкеси жөнүндөгү арызды карап чыгып, тиешелүү чечим берүү жагы Ноокат райондук сотунан суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча турукту комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А.Имамов |