ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышы)
кезектеги он төртүнчү сессиясынын заседаниясы
2014-жылдын 30-апрели № 5
Жаңы-Ноокат айыл аймагы Жандама айылында жайгашкан мамлекеттик запас жер запасындагы 18.40 га жер аянтын мамлекеттик жер запас жери категориясынан калктуу конуштар жери категориясына которуу жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү элдин турак жайга муктаждыктарын чечүү максатында 18.40 гектар жер аянтына кортунду берүү боюнча Кыргыз Мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долборлоо институту «Кыргызмамжердолбоор» Ош областтык жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынасы тарабынан 1991-жылда жүргүзүлгөн инвентаризациянын архивдик китепчеси боюнча кортусунда аталган 18.40 гектар жер аянты айылдык аймагынын мамлекеттик запас жерлер категориясында экендиги билдирилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22- январындагы № 19 токтому менен бекитилген «Жерлердин бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнүн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндөгү Жобосунун жана Кыргыз Республикасынын Өкөтүнүн 2013-жылдын 15- июлундагы «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши жогоруда аталган 18.40 гектар жер аянтын мамлекеттик запас жерлери категориясынан калктуу конуштар жер категорыясына которуу маселесин карап чыгып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагы Жандама айылында жайгашкан мамлекеттик запас жер запасындагы айыл аймагынын жер картасынын 2243 контурундагы 18.40 га жер аянты айыл тургундарына турак жай куруу максатында мамлекеттик жер запас жери категориясынан калктуу конуштар жери категориясына которулсун.
2. Жаңы-Ноокат айыл аймагы Жандама айылында жайгашкан мамлекеттик запас жер запасындагы айыл аймагынын жер картасынын 2243 контурундагы 18.40 га жер аянты айыл тургундарына турак жай куруу максатында мамлекеттик жер запас жери категориясынан калктуу конуштар жери категориясына котору жөнүндөгү Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин токтомун бекитип берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун негизинде керектелуучу иш кагаздарын даярдоо жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А.Имамов |