ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышы)
кезектеги он тортунчу сессиясынын заседаниясы
2014-жылдын 30-апрели № 6
Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен үлүштүк (түрткү берүүчү) грант алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө.
Жаңы-Ноокат айылдык аймагынын Дөн-Кыштак көчөсүн асфальтто боюнча даярдалган бизнес долбоорду иш жүзүнө ашыруу үчүн акча каражаттарын бөлүп берүү максатында Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы Дөн-Кыштак көчөсүн асфальттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен үлүштүк (түрткү берүүчү) грант алуу үчүн Жаңы-Ноокат айылдык Кенешинин жергиликтүү бюджетинен 300000 (үч жүз миң) сом раздел 709 ст 3111 да акча каражаттары каралып каржылоолор жүргүзүлөт
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы: ФЕБ башчысы: | А.Имамов М.Махмудов |