Редакцияот 30.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышы)

кезектеги он төртүнчү сессиясынын заседаниясы

2014-жылдын 30-апрели № 9

Жаңы-Ноокат айыл  аймагынын Катта-Тал айылынын Аулгазы бөлүмүндөгү таштак жерде гыш цехи уюштуруу үчүн 0.30 га жер аянты бөлүп берүү жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургуну Жумабаев Абдумумин Абдулбокиевичтын айыл аймагынын Аулгозы бөлүмүндөгү таштак айыл чарбасына пайдаланууга ынгайсыз жерде гыш чыгаруучу цех уюштуруу жөнүндөгү арызын жана Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин гыз чыгаруучу цех боюнча 2014-жылдын 5 - мартындагы № 2 токтомун карап чыгып жана талкуулап жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтунүн тургуну Жумабаев Абдимомин Абдулбокиевичке Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин 2014-жылдын 5- мартындагы № 2 токтомунун негизинде гыш цехи уюштуруу үчүн айыл аймагынын Катта-Тал айылынын Аулгозы бөлүмүнөн 0.30 га жер аянты Кыргыз Республикасынын мыйзамы чегинде ижарага берилсын.

2. Ижарага бөлунүп берилген жер аянты боюнча керектелүүчү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Жерге байланышкан жер салыгы, ижара акысы жана башка төлөмөлөрдү өз убагында төлөп баруу жагы ижарачи А.А. Жумабаевге милдеттендирилсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештын жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы:

А.Имамов