Загрузка документа…
(Нарын шаардык кеңешинин 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 6 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-августу № 1
Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү ЖОБОго өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Нарын шаардык Кеңешинин аалдындагы “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясы Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын алууга келген сунуштар көп болуп, бул наам жылына бир жолу 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата гана берилип жаткандыгына байланыштуу Жобого өзгөртүү киргизүү маселесин сессиянын күн тартибине киргизүүнү сунуштаган.
Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде шаардык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Нарын шаардык Кеңешинин “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү Жобого өзгөртүү, толуктоолору киргизилип Жобонун II бөлүмүндөгү 2.2 пункутунун акыркы сүйлөмү “коомдук жана коомдук эмес уюмдардын өкүлдөрүнө” деген сүйлөм менен толукталсын.
2. III бөлүмүндөгү 3.1 пункутундагы “5тен 7адамга” деген сөз алынып салынып “20 адамга чейин” деген сөздөр менен алмаштырылсын. (жобо тиркелет)
Төрага | Э.Турсуналиев |