Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-февралы № 3
Жаңы-Ноокат айылдык округунун аймагындагы көчөлөрдүн четиндеги тратуарларды ондоо, эгилген тал-теректерди кыйуу,жолдун четине төгүлгөн таш,шагал, тоопрактарды,мыйзамсыз курулган соодогерлик дүкөндөрүн жана дубалдарды алуу чаралары жөнүндө.
Жаңы-Ноокат айылдык округунун аймагында жашоочу тургундар менен жолугушуларда эл тарабынан көчөлөрдүн четиндеги тратуарларды ондоо, эгилген тал-теректерди кыйуу,жолдун четине төгүлгөн таш,шагал, тоопрактарды алуу,мыйзамсыз курулган соодогерлик дүкөндөрүн жана дубалдарды алып таштоо боюнча көптөгоң арыздар жана талаптар билдирилгендигин, бу иретсиз жайгашкан жана тоскоол болгон көрүнүштөр айылдын инфраструктурасын бузуп жаткандыгын, автоуналардын катоосунун көбөйгөндүгү жол кыймылынын талаптарын бузуп жаткандыгын карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айылдык округунун аймагындагы көчөлөрдун четиндеги тратуарларды ондоо,иретсиз эгилген тал-теректерди кыйуу,жолдун четине төгүлгөн таш, шагал, тоопрактардыалуу, мыйзамсыз курулган соодегерлик дүкөндөрү жана дубалдар алып таштоо иштери камсыз кылынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө жана айыл башчыларына, көчө комитеттеринин төрагаларына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба,суу,жерге жайгаштыруу ,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А.Имамов |