Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-февралы № 4
Жаңы-Ноокат айылдык округунун аймагында жашоочу тургундарга жер участок берүү тартиби жана айылдык кеңештын депутаттарынан жер участок берүү боюунча комиссия курамына өкүл көрсөтүү жөнүндө.
Жаңы-Ноокат айылдык округунун аймагында жашоочу тургундарга жер участок берүүнү тартибин бекитүүбилдирилген ой-пикирлерди, айылдык округунда жашоочу турак-жай курууга муктаж үй-бүлөөлөр жашоо шарттарын, жер участок менен аларды толук камсыз кылууга мүмкүнчүлүктөрдү эсепке алып, бир пикирге келинип зарыл болгон үй-бүлөөлөрга жер участок берууну уюштуруу максатында Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айылдык округунун аймагында жашоочу турак жай курууга муктажболгон үй бүлөөлөргө жер участкасы берилишинде үй-бүлөө кожолугунда 3 келини бар үй бүлөөлөргө биринчи кезекте, үй-бүлөө кожолугунда 2 келини бар үй бүлөөлөргө эккинчи кезекте, үй-бүлөө кожолугунда уул балдар көп болгондорго жана үй –бүлөөлүк шартында өзгөчө кыйынчылыктар бар болгондорго жер берилиши камсыз кылынсын.
2. Турак жай курууга муктаж болгон үй-бүлөө кожолуктарга жер участогу берүү боюнча түзүлүүчү комиссиянын курамы төмөнкү өкүлдөрдүн катышуусунда түзүлсүн
1. Айылдык округдун башчысынын орун басары
2. Айылдык округдун жер адиси
3. Айыл башчылары
4. Көчө комитеттеринин төрагалары
5. Аймактар боюнча шайланган айылдык кеңештын депутаттары
6. Жер участок алуучу атуулдардын калыс 2 коншусу
3. Түзүлгөн комиссия күрамына жер-жерлерге барып, жер участок алуучулардын жашоо шартын үйрөнүп тиешелуу акт түзүп, айылдык округуна сунуш берүү жагы тапшырылсын.
4. Жер участок беруу боюнча түзүлгөн комиссиянын сунушу боюнча жер участок беруу жагы Жаңы-Ноокат айылодык округуна тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А.Имамов |