Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1-марты № 1
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2013-жылга каралган атайын счети боюнча бюджетинин бекитүү жөнүндө
жана Жаңы-Ноокат Айылдык Кеңешинин сессиясынын токтомдорун 2013-жылдын 1-мартынан баштап мамлекеттик тилде кабыл алып жазуу жөнүндө
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2013-жылга каралган атайын счети боюнча бюджетинин бекитүү жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджетти жөнүндөгү мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоору айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясы жана депутаттар тарабынан киргизилген түзөөтүлөрдүн негизинде депутаттардын Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылга Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин бюджетинин атайын счети боюнча кирешелер бөлүгү 1095.5 миң сом №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2013-жылга Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин бюджетинин чыгашалары бөлүгү 1095.5 миң сом өлчөмүндө калып салыктардын түрлөрү боюнча №2 тиркемеге ылайык бекитилсин
3. Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жергилктүү өз алдынча башкаруу органынын финансалык-экономыкалык негиздерин чындоо алардын финансалык өз алдынчалыгын жана мамлекеттик каражаттарды максаттуу сарамжалдуу пайдаланусунун камсыз кылуу жагы айыл окмөтүнүн финасы экономика бөлүмү тарабынан көзөмөлдөлсүн.
4. Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин сессиясынын токтомдору 2013-жылдын 1-мартынан баштап бардыгы мамлекеттик тилде сүйлөп, жазып, билгендигине байланыштуу расмий тилге которулбастан кыргыз тилинде жазылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Жаны-Ноокат айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссыясына тапшырылсын
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А.Имамов |