Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1-апрели № 1
Жаңы-Ноокат айылдык округунун аймагында
жашоочу тургундарга турак-жай куруу үчүн жер
участок ажыратуу жөнүндөгү айылдык округдун токтомун бекитүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айылдык округунунда турак-жай курууга муктаж болгон жаш үй-бүлөөлөрдүн саны 1365 га жеткендиги, алардан турак – жай куруу боюнча келип түшкөн арыздарды канааттандыруу,жаштарга шарт түзүп берүү максатында Катта-Тал айылы боюнча 30 га,Дөн-Кыштак айылы боюнча 9.77 гектар жер аянтын айыл тургундарына турак-жай курууга бөлүнүп берүү боюнча Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык округу элдин турак жайга муктаждыктарын чечуу максатында бардыгы бөлүп 39.77 га жер аянтына корутунду берүү боюнча Кыргыз Мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институту «Кыргыз мамжердолбоор» Ош облустук жерге жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасына кат менен кайрылган. Ош облустук жерге жайгаштируу боюнча мамлекеттик ишканасы 2012-жыдын 25-декабрындагы № 551 корутундусунда аталган 30 гектар жер аянты, айылдык округдун Катта-Тал айылынын аймагындагы жайыт жерлер категориясында экендиги, 9.77 гектар жер аянты айылдык округдун Дөн-Кыштак айылынын аймагындагы жайыит жерлер категориясында экендиги, Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин 2013-жылдын 27- февралындагы № 8 корутундусунда аталган 30 гектар жер аянты айылдык округдун Катта-Тал айылынын аймагындагы, 9.77 гектар жер аянты айылдык округдун Дөн-Кыштак аймагындагы жайыт жерлер категориясында экендигин билдирилген иш кагаздарды карап чыгып Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айылдык округунун Катта-Тал айылындагы 645.651.653.655.656.658.660.662.663.372.825.826.827.828.829.831, Дөн-Кыштак айылындагы 104.110.112.115.119. 124.125.126.127.128.129.131.132 контурлардагы айыл чарба категориясындагы жайыт жерлери «Калктуу конуштар категориясына транформация кылынсын.
2. Ушул токтомду бекитип, айыл тургундарына турак-жай куруу үчүн, ажыратылган 39.77 га жайыт жер аянттарын «Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча Жаңы-Ноокат айылдык Кенешинин токтомун бекитип берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарилишин камсыз кылуу жагы, Жаңы-Ноокат айылдык округуна тапшырылсын.
4. Ушул токтомду аткарилышын көзөмөлдөө жагы, айылдык Кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А.Имамов |