Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1-апрели № 6
Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен үлүштүк (түрткү берүүчү) грант алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айылдык округундагы Мирзо Улугбек атындагы орто мектебинин имаратын ремонтоо иштери боюнча даярдалган бизнес долбоорду иш жүзүнө ашыруу үчүн акча каражаттарын бөлүп берүү максатында Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айылдык округундагы Мирзо Улугбек атындагы орто мектебинин имаратын ремонтоо үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен үлүштүк (түрткү берүүчү) грант алуу үчүн Жаңы-Ноокат айылдык Кенешинин жергиликтүү бюджетинен 119000 (бир жүз он тогуз миң) сом раздель 709 ст 3111 даакча каражаттары бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмотүндө каралып, каржылоолор жүргүзүлөт
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештын бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А.Имамов |