Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1-апрели № 9
Жаңы-Ноокат айылдык округундагы Жайыт комитетинин жүргүзүп жаткан чарбалык иштеринин отчету жөнүндө
Жаңы-Ноокат айылдык округундагы Жайыт комитетинин 2012- чарбалык жылында жүргүзгөн чарбалык иштерин отчетун угуп жана жайыт комитетинин иштерин мында ары өнүктүрүү максатында Жаңы-Ноокат айылдык Кенешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айылдык округундагы Жайыт комитетинин 2012-жылда жүргүзгөн чарбалык иштери боюнча отчоту бекитилсин. 2013- жылга карата бюджети 367950 сомго бекитилсин.
2. Жаңы-Ноокат айылдык жайыт комитетинин мындан ары өнүктүрүү максатында жана жайыт жерлерге жайгашкан чарба малдардын айыл чарба эгиндеринен сактап калуу үчүн төмөнкү иштер аткарууга алынсын.
а. Жаңы-Ноокат айылдык округунун Ташбулак жана Аулгазы бөлүмдөрүндөгү жайыттарда багылып жаткан чарба малдары алыскы жайлоолорго көчүрүүнүн мөөнөтү 2013-жылдын 10- майына чейин белгиленсин.
б. Жаңы-Ноокат айылдык округунун Ташбулак жана Аулгазы бөлүмдөрүндөгү кароочуларга сезон мезгилинде 2 баш кара мал,1 баш жумушчу ат,10 баш кой-эчки кароого уруксат берилсин.
в. Чарба малдарынын алыскы жайыттарга көчүрүү убагында айылдык округунун аймагына 3 ветеринардык көзөмөл посту уюштурулушу камсыз кылынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айылдык округуна жана Жаңы-Ноокат жайыт комитетине тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин айыл чарба иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А.Имамов |